Загрузка документа…
Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-мартындагы № 39 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 12-июну № 11
Үч-Коргон айылынындагы жаны түшкөн көчөнүн атын “Жороев Нажим” атындагы көчө деп коюу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутатары Үч-Коргон айылынын жаны түшкөн көчөнү “Жороев Нажим” атындагы көчө деп коюп берүү жөнүндөгү, Уул-кыздарына атасынын аты коюлса ошол көчөнү көрктөндүрүп жарык коюп жалпы ондоо жагын колго ала тургандыгы жөнүндө талкуулап, уул-кыздарынын жана Үч-Коргон айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде Үч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутатары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл арасында кадыр баркын, элге кылган көп мээнетин баалап, Үч-Коргон айылынын жаны түшкөн көчөнү, элдик макулдуулугун эске алып, Үч-Коргон айылынын жаны түшкөн көчөнү “Жороев Нажим” атындагы көчө деп аталсын.
2. “Жороев Нажим” атындагы көчөнү уул кыздарына, көчөнү көрктөндүрүү жана социалдык абалына көнүл буруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Үч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Курманалиев З.С. |