Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 25/22-82
Кайыңды айылдык аймагына караштуу орто мектептердин 2012-2013- жаңы окуу жылдар үчүн даярдыктары боюнча
Кайыңды айылдык аймагына караштуу 3 орто мектеп, 1 башталгыч мектеби бар, ал жерде 771 окуучу тарбияланып жана 79 мугалим билим берип жатат. Бардык мектептер 2012-2013- жаңы окуу жылына карата толук ремонттон өткөрүлдү.
Кайыңды айылынын орто мектебинин 10-11 класстарын жоюу боюнча, Манас райондук конференциясында маселе көтөрлгөндүгү боюнча, Кайыңды айылдык аймагынын географиялык жайгашуусу татаал жана тоолу аймак экендигин эске алуу жагы, тиешелүү жогорку органдарга кат аркылуу кайрылуу боюнча сунуш киргизилди.
Кыш мезгилине О.Израилов атындагы орто мектебинин насосу иштен чыгып, жаңыртууга тийиш экендиги белгиленди.
Негизинен бардык мектептердин ремонт учурунда акча каражаты жетпей калгандыгына байланыштуу, чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн кошумча акча каражатын бөлүп боюнча Кайыңды айылдык аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу орто мектепредин 2012-2013- жаңы окуу жылдар үчүн даярдыктары канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кайыңды айылынын орто мектебинин 10-11 класстарын калтыруу боюнча өтүнүч каты Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигинин наамына Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин атынан жиберилсин.
3. А. Усенбаев атындагы орто мектебинин ремот иштерин толугу менен бүтүрүү үчүн 10,0 сом акча кражаты бөлүнүп берилсин.
4. О. Израилов атындагы орто мектебинин ремонт иштерин толугу менен бүтүрүү үчүн 10,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңешинин социалдык тармактык комиссиясынын төрайымы М. Дуйшёбаевага дайындалсын.
Кайынды айылдык аймактык кеӊешинин төрагасы |
А. Мураталиев |