Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 25/22-83
Кайыңды айылдык аймагы боюнча күзгү оруп жыюунун өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча маселени кароо
Кайыңды айылдык аймагында күзгү оруп жыюнун өнүктүгүн жүрүшү боюнча өткөн жылдарга салыштырмалуу түшүм аз болуп калды, себеби кыш эрте келип, жаз кургакчыл болуп калды. Азыркы учурда эл жүгөрү жана төө буурчак жана күн караманы жыюуда.
Жыл ичинде дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселеси абдан курч болуп турат, Чечдөбө суу сактагычтын редуктору иштебегендигине байланыштуу суугат суну ченеп дыйкандарга бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү жок болуп калды.
2013 – жылдын түшүмү үчүн сугат суу жок болгондугуна байланыштуу азырынча иш башталган жок. Ошого карабастан дыйкандар техникаларын даярдап, күздүк айдап себүүгө даярдык көрүп жатат. Кайыңды айылдык аймагындагы тала иштеринин жыйынтыгынын негизинде Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагы боюнча күзгү оруп жыюунун өнөктүгүнүн жүрүшү канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2013-жылдын түшүмү үчүн дыйкандарга сапаттуу үрөн менен камсыз кылууга тиешелүү иштиктүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Мызаевге дайындалсын.
Кайынды айылдык аймактык кеӊешинин төрагасы |
А. Мураталиев |