Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 25/22-85/1
Кайыңды айылдык аймагына караштуу Арал айылынын тургуну Дженутбаев Камчыбек Туровичтин арызын кароо
Кайыңды айылдык аймагынында «Асылбек» коомдук үрөн чарбасы (жетекчиси Дженутбаев Камчыбек Турович ) 2012-жылдын 10-февралында уюшулган жана юридикалык катоодон өткөрүлгөн. Ошонун негизинде Дженутбаев К. Кыргыз Республикасынын коомдук үрөн бирикмеси менен келишим түзүп, 3 тонна «Кылым» сортундагы жаздык арпа алып, өзүнө КБФ тин жеринен ижарага берилген 20 га жерге айдап, себип, түшүмүн жыйып алган. 2013 –жылы жазында дыйкандарга 5 тоннасын сертификаты бар урукту, келишимдин негизинде таратып берет, калган урукту республикалык коомдук үрөн чарбасына тапшырып берет. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын коомдук үрөн бирикмесинен жазында 2-3 тнна «Эспарцет» уругу берилгени турат.
Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 27 августундагы № 80 токтомун жана а\өкмөтү менен №4 келишимин негизинде Кайра Бөлүштүрүү Фондунун 20 га кайракы жери, 20 жылдык мөөнөтү менен пайдаланууга, Дженутбаев Камчыбек Туровичке уруксат берилген документтерди күчүнө калтырууну суранган арызды карап, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 27 августундагы № 80 токтомун жана а\өкмөтү менен №4 келишимин негизинде, Кайра Бөлүштүрүү Фондунун 20 га кайракы жери, 20 жылдык мөөнөтү менен пайдаланууга, Дженутбаев Камчыбек Туровичке уруксат берилген документтер, күчүндө калтырылсын.
2. Кайыңды айылдык аймагынында «Асылбек» коомдук үрөн чарбасынын жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлөмөнүн башкы адиси Т.Айтназаровго милдеттендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Мураталиев |