Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 25/22-82
Кайыңды айылдык аймагындагы« Кара- Үңкүр» дүн жанындагы « Кобра» жылаандын башы чегерилген ташты сатылышына тыюу салуу жөнүндө
Жеке ишкер Норузбаев Кемел «Кара-Үңкүр» дүн жанындагы « Кобра» жылаандын башы чегерилген ташты сатып алуу боюнча жолдогон каттын негизинде Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагындагы«Кара -Үңкүр» дүн жанындагы «Кобра» жылаандын башы чегерилген таш сатылбасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Мызаевге милдеттендирилсин.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Мураталиев |