Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 25-апрели № 71
Минск шаарында 2006-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2007-2010-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Минск шаарында 2006-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2007-2010-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |