Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 18-июлу № 153
Бишкек шаарында 2008-жылдын 30-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну (H358-0 KG) ратификациялоо тууралу
1-берене.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 30-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу (H358-0 KG) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Эл Аралык Өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |