Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 28-июлу № 177
Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
статья төмөнкү мазмундагы алтынчы - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар;
ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:
- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары;
- ата-энелерин каза болду деп табуу;
- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу;
- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;
- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;
- жана белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин камкордугусуз калган деп тааныган башка учурларда;";
алтынчы - жыйырма төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша он төртүнчү - отуз экинчи абзацтар деп эсептелинсин.
2. 4-статьянын алтынчы абзацында "ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар" деген сөздөрдөн кийин "(ата-энеси) жана өтө кыйын же оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар"; деген сөздөр менен толукталсын.
3. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык жактан тейлөө тармагындагы мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет.".
4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк балдар үйү.".
5. 11-статьяда:
1-бөлүктүн он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;"
2-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
" -социалдык коштоо.".
7. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган жетим жана
ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга кошумча
социалдык жардам
Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар төмөнкүдөй түрдөгү социалдык жардамдарга укуктуу:
- социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмдарында жашоого жана акысыз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- камкорчуларды, асырап алуучу ата-энелерди жана фостердик үй-бүлөлөрдү издөөдө социалдык кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;
- билим алууга жана кесипке ээ болууга;
- материалдык жардам алууга;
- ден соолугун чыңдоо жана жайкы эс алууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;
- юридикалык жардамга;
- консультация алууга, жекече алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |