Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 01 февралы №6
Субанов көчөсүндөгү № 205 имарат муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча
1. Көк- Ой айылдык Кенешинин 2012-жылдын 12-июнундагы депутаттардын 6- чакырылышынын 5-сессиясында Субанов көчөсүндөгү № 205 имаратты Көк-Ой айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө №5 токтому менен кабыл алган токтом күчүнө кирип Субанов көчөсүндөгү № 205 имарат муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча юридикалык документтерин бүтүрүү жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Мечитти убактылуу пайдалануу жагы имам К.Өмүралиевге милдеттендирилсин.
3. А.Бокоевдин арызы боюнча мыйзамдын негизинде госрегистрдин кызматкерлери менен бирдикте жер участогу бөлүнүп берилсин.
4. Маданият жана этика комиссия жана Маданиятты өнүктүрүү , билим берүү жаштар маселеси, элдин ден-соолугун сактоо жана аларды социалдык жактан коргоо боюнча бөлүнгөн туруктуу комиссиялар “Тайкүлүк” балдар бакчасы,“Т.Кушчубаев” атындагы Көк-Ой орто мектеби, К.Момункулов атындагы Таш-Тобо орто мектеби, “Асел” балдар бакчасын иш пландын негизинде текшерүү жүргүзүлсүн жана текшерүү жагы төмөнкү комиссияларга милдеттендирилсин.
1. Кутманалиев Капар Райканович
2. Буланбекова Эркин Жумабековна
3. Молдобеков Жолдошбек Калмуратбекович
4. Абдрахманов Жаркынбек Рыскулбекович
5. Касенов Айстанкул Сансызбаевич
5. “Көкой” Жаштар жамаатынын Уставы жана күбөлүгү бекитилсин.
Көк-Ой айыл кеңешинин төрагасы |
М. Абдрахманов |