Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14 марты №8
Ар кандай маселелер боюнча
1. Депутаттардын Көк-Ой айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын 2-сессиясынын 2013-жылдын 21-февралындагы №5 Токтомунда кабыл алынган Күйүүчү май ташыган Ленин көчөсүндөгү камаздарды токтотуу жөнүндө тиешелүү органдарга кайрылып тыянак чыкпай жаткандыгын себебинен кайрадан Талас облусунун атайын ыйгарым өкүлүнө кайрылсын.(Айыл өкмөт)
2. Депутаттардын Көк-Ой айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын 3-сессиясынын 2013- жылдын 1-февралындагы № 6 кабыл алынган Токтому ишке ашсын жана мөөнөтү ушул жылдын 22-мартына чейин узартылсын ишке ашыруу жагы (Айыл өкмөт)
3. Кок-Ой айылында ташылып жаткан кум-топуракты мыйзамдаштыруу жагы жана тиешелүү докуменнтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджети бекитилсин, 2012-жылдагы бюджеттин аткарылышы ачык бойдон калтырылсын жана башкы бухгалтер кайрадан иштеп чыгып отчетту берилсин.
5. Кумтор компаниясынын толук жыйынтыгы чыгып бүтмөйүнчө Жер Уй Алтын ачылбасын.
Көк-Ой айыл кеңешинин төрагасы |
М. Абдрахманов |