Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 02 апрели №10
Кок-Ой айылдык Кеңешинин депутаты Узгенов Самарбек Торобековичтин арызынын негизинде депутаттык мандаты тапшыруу жөнүндө
Кок-Ой Айылдык Кеңешинин депутаты Узгенов Самарбек Торобековичтин арызын карашып «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кок-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кок-Ой айылдык Кеңешинин депутаты Узгенов Самарбек Торобекович Кок-Ой айыл окмотунун башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 24-беренесинин 3- пунктуна ылайык ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болуусун эске алып өз арызынын негизинде депутаттык мандаты алып салынсын.
2. КР «Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине ылайык – Узгенов Самарбек Торобековичтин депутаттык мөөнөтүнөн мурда чыгып калгандыгына байланыштуу анын бош калган мандатын Кок-Ой айылдык Кеңешинин №74 Таш-Тобо шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган депутаттыка талапкерге депутаттык мандатын ыйгаруу жөнүндө Талас аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Айылдык Кеңешинин төрагасы Абдрахманов Мукайга жүктөлсүн.
Көк-Ой айыл кеңешинин төрагасы |
М. Абдрахманов |