Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-апрели № 6
Май айылдык аймагынын 2013 жылдагы бюджеттин бекитүү жөнүндө
Май айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык аймагынын 2013 жылга бюджетин киреше бөлүгү айылдык округка түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Май айылдык аймагынын 2013 жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча 12836.9 сом жана чыгашалар боюнча 12837.5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинде категориальдык грант 10247.7 сом. Тендоочу грант 527.7 сом .
Жергиликтүү бюджеттен 2062.1 сом. (№ 1 тиркеме )
3. Май айылдык аймагынын бюджеттен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн .
4. Май айылдык аймагынын жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү Май айыл Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралгандан кийин айылдык Кеңештин буйрук, токтомдорун негизинде аткаруу жагын айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Д. Нузубалиевага милдеттендирилсин.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн.
(айлык акы. соц фонд жана шашке чайы)
6. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз чыгаша булагы көп болгондуктан киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн тендоочу грант берүү жагы суралсын
7. Токтомдун аткаруу жагы айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Д. Нузубалиевага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы О. Абдрахманов милдеттендирилсин.
Май айылдык кеӊешинин төрагасы |
И. Өзубеков |