Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-октябры № 190
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республнкасынын Президентинин иншердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статьянын З-бөлүгүндө", ошондой эле Мамлекеттик күзөт кьзматы жана Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр алып салынсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы II1 глава менен толукталсын:
10-1-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын статусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик маанидеги режимдик мүнөздөгү объект болуп саналат жана Кыргыз Республнкасынын Президентинин жана Кыргыз Республнкасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте бекитилүүчү тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызмат адамдарынын убактылуу жашап туруусу учун арналган.
Кыргыз Республнкасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын ишин камсыз кылуу Кыргыз Республнкасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлөт.
10-2-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын кыймылсыз мүлк объекттерине
карата укуктар
Кьргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мулк обьекттери мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттен ажыразууга жана менчиктештирүүгө жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда менчикке берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери аларды ээликтен ажыратууга же башкача түрдө аларды сатып алуу учун жактардын чектелбеген чөйрөсүнө сунуш кылууга, ошондой эле аларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескее боюнча өзүнүн укугун өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга жана аларды башка ыкмалар менен оордотууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан сатылуучу кыймылсыз мүлк обьекттерин менчик ээлери менен макулдашылган баа боюнча сатып алуунун өзгөчө укугуна ээ.
10-3-статья. өзүнө таандык болушу мүмкүн болбогон кыймылсыз мүлк объектине адамдын менчик
укугунун токтотулушу
Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын аймагында жайгашкан жана жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык ага ээлик кылууга укугу жок адамдын менчигине таандык болуп калган кыймылсыз мүлк объекта ага менчик укугу пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде менчик ээси тарабынан өзүнүн ээлигинен ажыратылууга тийиш. Ээликтен ажыратуу ушул Мыйзамдын 10 -статьясынын эрежесин сактоо менен жүргүзүлүшү керек.
Кыймылсыз мүлк объекти ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, бул объект анын мүнөзүн жана арналышын эске алуу менен, кызыкдар мамлекеттик органдын арызы боюнча чыгарылган соттун чечими боюнча анын сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы менчик ээсине телеп берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүгө жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектин менчик ээсинен мажбурлап алып коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кунден тартып кучуне кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |