КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 1-ноябры № 198
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толдуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
64-статьянын 1-бөлүгү «квалификациясы) документи» деген сөздөрдөн кийин «;18 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иштерде иштөөсү үчүн соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкатты» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөйтолуктоолор киргизилсин:
1. 67-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«(7) Жашы жетпегендерге карата инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдарга эскерүү мөөнөтүнүн өтүшү 15 жылды түзөт.»
2. 69-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын:
«(8) Жашы жетпегендерге карата инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жазасын өтөп жаткан адамга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн эмес.».
3-берене.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |