Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 5-ноябры № 199
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2003-Ж., № 8. 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин он экинчи абзацындагы "информатизация жана телекоммуникация" деген сөздөр "маалыматтык жана
телекоммуникациялык технологиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 14-беренеде:
1-бөлүктөгү "дистанциялык," деген сөз алып салынсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формаларында жана зкстернаттык формада алууга тыюу салынган кесиптер менен адистиктердин тизмеси Kыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3-бөлүктөгү "билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сезгө алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "билим берүүсүн мамлекетгик башкаруу борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 30-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жогорку кесиптик билим берүү алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерге укуктуу.».
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |