Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 28-I Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ ССР ЖОГОРКУ СОВЕТИНИН ТОКТОМУ
1990-жылдын 14-апрели № 53-XII
"Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу
"Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законунун кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Совети
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону 1990-жылдын 1-майынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. "Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законунун 5-статьясында каралган Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл комитетинин составынын жаңылануу принцибин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл комитети беш жыл өткөндөн кийин Комитеттин алмаштырылууга тийиш болгон төрт мүчөсүн аныктай тургандыгы жана бул тууралу Кыргыз ССР Жогорку Советине көрсөтүү киргизе тургандыгы белгиленсин. Кийинки шайлоодо Комитеттин ар бир мүчөсү он жылдык мөөнөткө шайланат.
3. Ишин камсыз кылуу шарттары жана укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитетине шайланган адамдар Кыргыз ССР эл депутаттарына теңештирилет.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Председатели |
А.Масалиев |