Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-ноябры № 202
"Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент
1-берене. Максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт, кооптуу өндүрүштүк объекттерде авариялардын алдын алууга жана анын кесепеттерин локализациялоого уюмдардын даярдыктарын камсыз кылууга багытталган жана төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) аларды идентификациялоо ыкмаларын кошуп алганда, техникалык жөнгө салуу объекттерин;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстерин жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү болгон өндүрүштүк коопсуздук талаптарын;
3) кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин шайкештигин баалоо формаларын.
2. Ушул Мыйзам адамдардын, жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана өсүмдүктөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максаттарында колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын талаптары Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде жүзөгө ашырылуучу кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу боюнча бардык процесстерге жайылтылат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) авария - кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы, бузулушу, контролдонбогон жарылуу, өрт же кооптуу заттардын абага чыгышы;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) - бирдиктүү методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - уюмдар тарабынан) эксплуатацияланган кооптуу өндүрүш объекттери жөнүндө маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу тутуму жана өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасы);
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо (мындан ары - идентификациялоо) - объектини табуу жана кооптуу өндүрүштүк объектинин категориясындагы уюмдун курамына киргизүү жана анын тибин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныктоо;
4) инцидент - кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминен четтеши, кооптуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун бузулушу;
5) кооптуу өндүрүштүк объект - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу кооптуулугу бар, ал авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянтча, ошондой эле кооптуулугу жогору башка объект);
6) кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу) - инсандын жана коомдун кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардан жана андай авариялардын кесепеттеринен корголгон абалы;
7) техникалык түзүлүш - өндүрүштүк иште пайдаланылуучу тетик (элемент), түйүн (плата, блок), агрегат (тирөөч), механизм, бүтүндөй машина, машиналар тутуму;
8) өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык коопсуздукту сактоону камсыз кылуучу техникалык регламенттерде камтылган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка аткаруу үчүн милдеттүү талаптар;
9) ыйгарым укуктуу орган - атайын уруксат берүү милдеттери таандык кылынган жана өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органы;
10) ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - өнөр жай коопсуздугу жаатында контролдоочу жана көзөмөлдөөчү иш-милдеттер берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органы.
3-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаагындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери болуп саналат.
4-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуу
1. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамда жана өнөр жай тармактары боюнча башка техникалык регламенттерде белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо, курулуш жаатындагы ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
1. Техникалык жөнгө салуу объекттерине кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстери кирет, анда:
1) төмөнкүдөй кооптуу заттар алынат, пайдаланылат, кайра иштетилет, жасалат, сакталат, ташылат, жок кылынат:
а) от алгыч заттар - нормалдуу басымда жана аба менен аралашканда от алуучу жана нормалдуу басымдагы кайноо температурасы Цельсия боюнча 20 же андан төмөн градусту түзгөн газдар;
б) кычкылдантуучу заттар - кычкылдантуучу-калыбына келтирүүчү экзометриялык реакциянын натыйжасында башка заттардын күйүшүн шарттаган жана (же) от алышына өбөлгө түзүүчү заттар;
в) күйүүчү заттар - өзүнөн өзү тутанып кете турган, ошондой эле оттуктун булагынан тутануучу жана аны алып салгандан кийин өзүнчө күйө берүүчү суюктуктар, газдар, чаңдар;
г) жарылгыч заттар - белгилүү шарттарда сырткы таасирлердин натыйжасында жылуулук жана газ сымал продуктуларды көп өлчөмдө чыгаруу менен өтө тез болуучу химиялык кубулушка (жарылууга) жөндөмдүү заттар же мындай заттардын аралашмасы;
д) уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлүмгө дуушарлантууга жөндөмдүү жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ заттар:
- килограммга 15 миллиграммдан тартып килограммга 200 миллиграммга чейинкини кошуп алганда ашказанга киргенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- килограммга 50 миллиграммдан тартып килограммга 400 миллиграммга чейинкини кошуп алганда териге тийгенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- литрге 0,5 миллиграммдан тартып литрге 2 миллиграммга чейинкини кошуп алганда өлүмгө дуушар кылуучу абадагы орточо концентрация;
е) өтө уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлтүрүүчү жана төмөнкүдөй мүнүздөмөлөргө ээ заттар:
- бир килограммга 15 миллиграммдан көп эмес ашказанга киргенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- бир килограммга 50 миллиграммдан көп эмес териге тийгенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- бир литрге 0,5 миллиграммдан көп эмес өлүмгө дуушар кылуучу абадагы орточо концентрация;
ж) айлана-чөйрө үчүн кооптуулук келтирүүчү заттар - суулуу чөйрөдө өтө уулуулугу менен мүнөздөлгөн төмөнкүдөй заттар:
- балыктарга 96 саат бою ингаляциялык таасир этүүдө бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес өлтүрүүчү орточо доза;
- дафнияларга 48 саат бою таасир этүүдө тийиштүү кесепетти пайда кыла турган уунун бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес орточо концентрация;
- балырларга 72 саат бою таасир этүүдө бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес орточо ингибирлөөчү концентрация;
2) 0,07 мегапаскалдан ашык басымда же суунун ысуу температурасы Цельсия боюнча 115 градустан ашкан шартта иштеген жабдуу пайдаланылат;
3) стационардуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер, лифттер, аттракциондор пайдаланылат;
4) кара жана түстүү металлдардын эритмелери жана ушул эритмелердин негизиндеги куймалар алынат;
5) тоо-кен, геологиялык чалгындоо жана жардыруу иштери, пайдалуу кендерди казуу жана байытуу боюнча иштер, ошондой эле жер астындагы шарттардагы иштер жүргүзүлөт;
6) адамдын жашоо-турмушу жана айлана-чөйрө үчүн кооптуу заттар камтылган тоо-кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт.
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоону ушул объекттерди эксплуатациялаган уюмдар жүзөгө ашырат.
3. Калктын жашоосунун жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдүүлүк даражалары боюнча кооптуу өндүрүштүк объектини бөлүштүрүүнүн критерийлери, ошондой эле аларды мамлекеттик реестрде каттоонун жана идентификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иш
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу;
2) кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулган техникалык түзүлүштөрдү даярдоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо;
3) өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүү;
4) кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлерин билим берүүчү эмес мекемелерде даярдоо жана кайра даярдоо.
7-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоого карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары - долбоордук документтер) өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин локализациялоо боюнча талаптар жана иш-чаралар зарыл негиздемелер жана эсептөөлөр менен камтылууга тийиш. Ушул эле талаптар объектини консервациялоо жана жоюу процессинде жана аларды аяктоодо сакталууга тийиш.
2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер каралат.
3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.
8-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого,
техникалык кайра жабдууга, эксплуатациялоого, консервациялоого жана жоюуга карата талаптар
1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугуна экспертизанын он корутундусунун болушу кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу иштерин баштоо жөнүндө чечим кабыл алуунун милдеттүү шарттарынын бири болуп саналат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт жана долбоордук уюм тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:
1) куруу жана монтаждоо иштеринин сапатына контроль;
2) долбоордук чечимдердин аткарылышына автордук көзөмөл.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоого кабыл алуу Кыргыз Республикасынын шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоого кабыл алуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр контролдонот: аткарылган иштердин өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоордук чечимдерге ылайык келүүсү; авариялардын алдын алууну жана анын кесепеттерин локализациялоону камсыз кылуучу техникалык каражаттарга жана жабдууларга сыноо өткөрүлгөнү; кызматчынын жана авариялык-куткаруучу кызматтардын авариялардын кесепеттерин локализациялоо жана жоюу боюнча аракеттерге даярдыгы.
4. Ишке киргизүү-жөндөө жумуштары үчүн монтаждоочу уюм тарабынан коопсуздуктун зарыл чаралары каралган атайын технологиялык документтер иштелип чыгылат.
5. Кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоого карата талаптар иштин түрлөрү боюнча техникалык документтерде белгиленет.
6. Кооптуу өндүрүштүк объектини консервациялоо же жоюу боюнча иштер долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
9-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишти жүзөгө ашырган уюмдарга карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдалган жана аттестацияланган кызматкерлерге кооптуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
3) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана ыйгарым укуктарына ылайык алар тарабынан берилүүчү анын кызмат адамдарынын тескемелерин (көрсөтмөлөрүн, кабарлоолорун) аткарууга;
4) кооптуу өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик реестрге каттоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
5) имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө, тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлүштөрдү андан аркы коопсуз эксплуатациялоонун мүмкүн болгон убактысын аныктоо үчүн техникалык регламенттерде белгиленген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
6) тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык зарыл приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо тутумдарынын болушун жана иштөөсүн камсыз кылууга;
7) кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоодо зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
8) кооптуу өндүрүштүк объектиге бөлөк адамдардын киришине жол бербөөгө;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
10) авариянын кесепеттерин локализациялоо жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
11) кесипкөй авариялык-сактоочу кызматтар (кошуундар) менен тейлөө келишимдерин түзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамында каралган учурларда - өздөрүнүн кесипкөй авариялык-сактоочу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-сактоо түзүмдөрүн түзүүгө;
12) авариялардын кесепеттерин локализациялоо жана жоюу үчүн каржы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
13) байкоо, кабарлоо, байланыш тутумдарын жана авария учурунда жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана тийиштүү абалда кармоого;
14) объектидеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
15) өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын болгон себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берүүгө;
16) кооптуу өндүрүштүк объектинин каржылык-экономикалык иш планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чыгымдарын алдын-ала кароого;
17) кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлеринин штатынын комплектиленишин иштерди коопсуз аткаруу үчүн керектүү санда камсыз кылууга;
18) кооптуу өндүрүштүк объекттерде техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун техникалык регламенттерде каралган тартибин жана шарттарын сактоого.
2. Жарылгыч заттар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу (колдонулуучу) жана сакталуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдар алардын эсепке алынышын жана сакталышын тийиштүү техникалык регламентте белгиленген тартипте камсыз кылышат.
10-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматчысына карата талаптар
Кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кооптуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын жана кооптуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурда иш-аракеттердин тартибин сактоого;
2) өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдоодон (кайра даярдоодон) жана аттестациядан өтүүгө;
3) медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
4) кооптуу өндүрүштүк объектидеги авария же инцидент жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине же башка кызмат адамдарына билдирүүгө;
5) кооптуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурда ишти токтото турууга;
6) кооптуу өндүрүштүк объектидеги аварияны локализациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышууга.
11-берене. Авариялардын себептерин техникалык териштирүүгө карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектидеги авариянын пайда болушунун ар бир фактысы боюнча анын себептерин техникалык териштирүү жүргүзүлөт.
2. Авариянын себептерин техникалык териштирүү тийешелүү өнөр-жай тармагынын ыйгарым укуктуу органынын өкүлү жетектеген атайын комиссия же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Атайын комиссиянын курамына төмөндөгү өкүлдөр киргизилет:
1) аймагында кооптуу өндүрүштүк объекти жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
2) тармактык профсоюздун өкүлдөрү;
3) кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюмдун же болбосо жогору турган уюмдун (эгерде бар болсо) өкүлдөрү.
4. Атайын комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
5. Кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюм авариянын себептерин техникалык териштирүү боюнча комиссияга бардык зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
6. Авариянын себептерин техникалык териштирүүнүн, техникалык териштирүү боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны териштирүү актысын жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
7. Авариянын себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-берене. Ылайыктуулукту баалоо формалары
1. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу, кооптуу өндүрүштүк объектиде пайдаланылуучу техникалык түзүлүштөрдү даярдоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо процесстеринин ылайыктуулугун баалоо жөнгө салынуучу объектилерге карата ушул Мыйзам менен коюлуучу техникалык талаптардын сакталышын аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Техникалык жөнгө салынуучу объекттердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн баалоо төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1) өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы;
2) мамлекеттик көзөмөл.
13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы
1. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан төмөнкүлөр өткөрүлүүгө тийиш: кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтер; кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; кооптуу өндүрүштүк объектидеги имараттар жана курулмалар жана кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоого байланыштуу документтер.
2. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитацияланган уюм тарабынан кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоону болжолдоп жаткан же аны эксплуатациялап жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.
Мындай уюмду аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
3. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо процессинде экспертиза объектисинин ага карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат, өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу анын натыйжасы болуп саналат.
4. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүүнүн жана корутундусун жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу контролдоочу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) куруу процессинде техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдарга барууга;
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарышын текшерүү үчүн зарыл документтер менен таанышууга;
4) кооптуу өндүрүштүк объекттерде болгон чыр-чатактарга техникалык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле мындай териштирүүлөрдүн натыйжалары боюнча көрүлүүчү чаралардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
5) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көрсөтмөлөрдү өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берүүгө;
6) айлана-чөйрө үчүн кооптуулук, ал кооптуулукту четтетүүгө чейинки мезгилде авариялардын кызматчылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч табылган учурда кооптуу өндүрүштүк объектинин ишин токтото турууга;
7) өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын бузулушуна жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;
8) өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
3. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
15-берене. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай коопсуздугунун талаптарын белгилөө жаатында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
16-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун баалоого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Мыйзам жөнгө салуучу объекттердин ылайыктуулугун баалоонун эрежелерин жана формаларын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
17-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде ушул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 374-ст.);
2) "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 367-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2863-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 160 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-ноябры № 202
"Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент
1-глава Жалпы жоболор

2-глава Өнөр жай коопсуздугунун негиздери

3-глава Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин ылайыктуулугун баалоо
12-берене. Ылайыктуулукту баалоо формалары
1. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу, кооптуу өндүрүштүк объектиде пайдаланылуучу техникалык түзүлүштөрдү даярдоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо процесстеринин ылайыктуулугун баалоо жөнгө салынуучу объектилерге карата ушул Мыйзам менен коюлуучу техникалык талаптардын сакталышын аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Техникалык жөнгө салынуучу объекттердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн баалоо төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1) өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы;
2) мамлекеттик көзөмөл.
13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы
1. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан төмөнкүлөр өткөрүлүүгө тийиш: кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтер; кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; кооптуу өндүрүштүк объектидеги имараттар жана курулмалар жана кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоого байланыштуу документтер.
2. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитацияланган уюм тарабынан кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоону болжолдоп жаткан же аны эксплуатациялап жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.
Мындай уюмду аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
3. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо процессинде экспертиза объектисинин ага карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат, өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу анын натыйжасы болуп саналат.
4. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүүнүн жана корутундусун жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу контролдоочу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) куруу процессинде техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдарга барууга;
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарышын текшерүү үчүн зарыл документтер менен таанышууга;
4) кооптуу өндүрүштүк объекттерде болгон чыр-чатактарга техникалык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле мындай териштирүүлөрдүн натыйжалары боюнча көрүлүүчү чаралардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
5) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көрсөтмөлөрдү өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берүүгө;
6) айлана-чөйрө үчүн кооптуулук, ал кооптуулукту четтетүүгө чейинки мезгилде авариялардын кызматчылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч табылган учурда кооптуу өндүрүштүк объектинин ишин токтото турууга;
7) өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын бузулушуна жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;
8) өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
3. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор