Редакцияот 18.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

2013-жылдын 18-ноябры № 204

 

2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы  макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1. 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кореялык тарапка кабарласын.

3. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев