Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-ноябры № 205
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулсун.
2-берене.
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын улуттук органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын улуттук органы 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенциянын илимий кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынан квалификациялуу экспертти дайындайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин республикалык бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акысын каржылоону карасын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө депонирлесин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |