КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 4-декабрындагы № 209
2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүүассоциациясынын ортосундагы (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операция-1) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы ( Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операция-1) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын кабарландырсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |