Редакцияот 04.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

2013-жылдын 4-декабры № 210

 

2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында  кол коюлган Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары  Кытайдын  Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык  автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Kaрыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык  автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев