МыйзамКүчүн жоготту

КР 2009-жылдын 11-майындагы № 153 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

2009-жылдын 11-майы № 153

 

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12. 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдык кызматта башка кызмат орундарын ээлей албайт; эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке уюмдардагы, мекемелердеги жана ишканалардагы кызматтарда кызмат ордун ээлей албайт.".

2. 9-статьянын 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктчасы "жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев