КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-декабры № 213
2013-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө польшалык тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |