КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-декабры № 214
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз) Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 7-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "токтоосуз" деген сөз менен толукталсын.
2. 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |