КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 23-декабры № 223
2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте россиялык тарапка Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |