Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 24-июлу ПЖ № 265
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары арттыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү женүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-главанын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты" деген бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын │
│ (Омбудсменинин) Аппараты │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Жогорку кызмат орду │
├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж1│Аппараттын жетекчиси │
├──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Башкы кызмат орду │
├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б1│Башкарманын начальниги │
│ │Өзалдынча бөлүмдүн башчысы │
│ │Басмасөз кызматынын жетекчиси │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б2│Өзалдынча бөлүмдүн башчысынын орунбасары │
│ │Башкарманын курамындагы бөлүмдүн башчысы │
│ │Сектор башчы, Акыйкатчынын региондор боюнча уполномоченныйы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б3│Инспектор, эксперт │
├──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Улук кызмат орду │
├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│У1│Башкы адис │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│У2│Жетектөөчү адис │
├──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Кенже кызмат орду │
├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│К1│ Адис │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
";
- "Мамлекеттик саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген 19-главанын "Б3" тобунда "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орунбасарынын жардамчысы" деген сап алып салынсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |