Загрузка документа…
КАЖЫ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 30-сентябры №1
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун Административдик аймакка киргизилиши жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008 –жылдагы №231-мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн салык төлөмдөрүнүн түшүшүн көбөйтүү максатында Кажы-сай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1-январь 2014-жылдан баштап административдик аймакка төмөндөгү салыктар киргизилсин.
А)Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди, үй жанындагы короо жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн салыгы жана мүлк салыгы 1,2,3,4 тобундагы обьектилер үчүн салыктары киргизилсин.
Б)Зоналдык коеффицнттин маанисин төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди, үй жанындагы короо жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн жана Мүлк салыгын 1,2,3,4 тобундагы обьектилер үчүн Зоналдык коэфицент 1,0 менен бекитилсин.
Айыл чарба багытында болгон жерлер үчүн салыктары Зоналдык коэфицент 1,2 менен бекитилсин.
Салык эсептоо тартиби коюлсун.
Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык каралсын.
2.Ушул токтом каттоодон өтүп Ысык-Көл областынын Адилет башкармачылыгынан каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
3.Токтом 1-январь 2014-жылы күчүно кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Кажы-Сай айылдык Кеңешинин V чакырылыштагы Токтому массалык маалымат каражатына жарыялансын.
Кажы-Сай айылдык Кеңешинин төрайымы: |
А.Баялиева |
Жооптуу катчы: | Ч.Байгазиева |