КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 11-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 26-статьянын 2-бөлүгүндө "150," деген сан алып салынсын.
2. 163-статьянын 5-бөлүгү "Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар" деген сөздөрдөн мурда "Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы)," деген сөздөр менен толукталсын; "Экономикалык" деген сөз "экономикалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |