МыйзамКүчүндө

КР 2014-жылдын 11-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция11.01.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-январы № 5

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 2-бөлүгүндөгү "баселкелик" деген сөз "айылдык" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 24-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана жергиликтүү бюджеттерден" деген сөздөр "бюджеттен" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 25-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алсын жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

 

А.Атамбаев