Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 11-январы № 8
"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 759-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө".
2. Аталышын, расмий тилдеги 2-берененин 1-бөлүгүн, 6-берененин он үчүнчү абзацын, 7-берененин 2-бөлүгүнүн он алтынчы абзацын кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Мамлекеттик кызмат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт жана банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишмердикти мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.".
4. 2-беренеде:
расмий тилдеги текстин аталышында жана 1-бөлүгүндө "о Государственной службе" деген сөздөр "об уполномоченном органе" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укуктук жобосу
1. Ыйгарым укуктуу орган - банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Казыналык тутумунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда ачылуучу эсептери болот.
3. Ыйгарым укуктуу орган өз ыйгарым укуктарын жана иш-милдеттерин ишке ашыруу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болгондо өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
Ушул Мыйзам менен ыйгарым укуктуу органдын карамагына киргизилген маселелерди чечүүгө мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.".
6. 5-беренеде:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "белгилейт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацында "иштеп чыгат" деген сөздөр "кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзацында "аныктайт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 6-беренеде:
үчүнчү-сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, анын ичинде:
- банктык эмес финансылык рынокто, аудитордук ишмердикте кесипкөй ишмердикти жүзөгө ашырууга шарттарды белгилөөчү;
- ачык компаниялардын жана лицензияланган кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды белгилөөчү;
- кесипкөй катышуучулардын өз алдынча жөнгө салуучу уюмдарынын инвесторлорун коргоо фондун түзүү жана иштөөсү боюнча талаптарды белгилөөчү;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишмердигинин алкагында маалыматты ачып берүү боюнча талаптарды белгилөөчү;
- банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттерине карата тобокелчиликтерди башкаруу боюнча талаптарды белгилөөчү;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишмердикти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда көрсөтүлгөн лицензиялардын жана башка уруксат берүүчү документтердин колдонулушун токтото туруу, кайрадан жаңыртуу жана чакырып алуу (жокко чыгаруу);";
он үчүнчү абзацында "Мамлекеттик кызмат белгилеген" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 7-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:";
расмий тилдеги текстин үчүнчү абзацында "инициировала или предприняла" деген сөздөр "инициировал или предпринял" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу абзацында "жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу" деген сөздөр "жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу жана он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
он алтынчы абзацында "Мамлекеттик кызматтын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзүү
Ыйгарым укуктуу орган жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүлөрдү ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.".
10. 12-беренеде:
расмий тилдеги текстин 1-бөлүгүндө "нее" деген сөз "него" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн алтынчы, жетинчи жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кызмат адамы, кызматкер, аффилирленген жак, ушу Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактын бир же андан ашык акцияларынын (үлүштөрүнүн) пайыздарынын ээси болуп саналган жак аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес Аткаруучу кеңештин мүчөсү боло албайт.".
11. 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары
1. Ыйгарым укуктуу органды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
2. Ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Экономикалык, финансылык маселелер боюнча жана/же мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана укук жаатында кесиптик тажрыйбага ээ адамдар төрага, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү боло алышат.
5. Төрага, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде аткаруу ыйгарым укуктарына ээ эмес мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкүдөй учурларда кызмат ордунан бошотулат:
ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды талапка ылайык аткарбаганда;
соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыш-жаза жосундарды жасаганда;
мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталган кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо;
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо жана/же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.".
12. 15-17-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 19-беренеде:
1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүндө:
расмий тилдеги текстин экинчи абзацында "на нее" деген сөздөр "на него" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстин алтынчы абзацында "нее" деген сиз "его" деген сөзгө алмаштырылсын.
14. 20-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
15. Расмий тилдеги 22-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "заключила" деген сөз "заключил" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. Расмий тилдеги 28-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ее" деген сөз "его" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |