Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 71-статьянын биринчи абзацында "стандарттардын" деген сөз "техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 92-беренеде:
аталышында "мамлекеттик стандартка" деген сөздөр "техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 166-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"166-статья. Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -".
4. 175-статьяда:
аталышында "Стандарттардын талаптарына жана техникалык шарттарга" деген сөздөр "Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацында "Стандарттардын талаптарына жана техникалык шарттарга" деген сөздөр "Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 269-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"269-статья. Байланыш объекттерин эксплуатациялоодо жана байланыш кызматтарын көрсөтүүдө радио жыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү стандарттардын, техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
Байланыш объекттерин эксплуатациялоонун жана байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуучу радио жыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү стандарттардын, техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 270-статьяда:
аталышында "жабдууларды сертификациялоосуз" деген сөздөр "жабдуулардын коопсуздугун ырастаган документтерсиз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацында "жабдууларды сертификациялоосуз" деген сөздөр "жабдуулардын коопсуздугун ырастаган документтерсиз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 273-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"273-статья. Радио тоскоолдуктардын жол берилген деңгээлине техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген электротехникалык каражаттарды даярдоо же эксплуатациялоо
Радио тоскоолдуктардын жол берилген деңгээлине техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген электротехникалык каражаттарды даярдоо же эксплуатациялоо, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
8. 277-статьяда:
биринчи абзацында "Мамлекеттик стандарттарга, техникалык шарттарга" деген сөздөр "Техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "байланыш каражаттарын конфискациялоо менен" деген сөздөр алып салынсын.
9. 286-статьяда:
аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"286-статья. Азык-түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен сатуу
Азык-түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен же болбосо керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастаган документтерсиз сатуу, - ";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "товарды конфискациялоо менен" деген сөздөр алып салынсын.
10. 287-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"287-статья. Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны өндүрүү, жөнөтүү, сатуу, ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукцияны ылайыктуулугун ырастабастан (ылайыктуулук сертификатысыз же ылайыктуулугу жөнүндө декларациясыз) сатуу
Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны өндүрүү, жөнөтүү, сатуу, ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукцияны ылайыктуулугун ырастабастан (ылайыктуулук сертификатысыз же ылайыктуулугу жөнүндө декларациясыз) сатуу, -".
11. 288-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "товарларды", "алдоо," жана "сапаты" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "таңгактоону жана", "таңгактагы фасовкаланган товарлардын кандай гана түрлөрү болбосун санын азайтуу," жана "жана коопсуздугу" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 289-статьяда:
аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"289-статья. Ылайыктуулугун баалоо боюнча техникалык регламенттердин талаптарын, анын ичинде аккредитациялоо органдары, продукцияны сертификациялоо боюнча органдары, сапаттын жана персоналдын менеджменти тутумунун органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан бузуу
Ылайыктуулугун баалоо боюнча техникалык регламенттердин талаптарын, анын ичинде аккредитациялоо органдары, продукцияны сертификациялоо боюнча органдары, сапаттын жана персоналдын менеджменти тутумунун органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан бузуу, -";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "тараза жана ченөөчү приборлорду конфискациялоо менен" деген сөздөр алып салынсын.
13. 290-1-статьяда:
аталышында "стандартташтыруу жана метрология органдары текшербеген жана белги салынбаган" деген сөздөр "метрологиялык кызмат тарабынан белгиленген тартипте текшерилбеген жана белги салынбаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацында "стандартташтыруу жана метрология органдары текшербеген жана белги салынбаган" деген сөздөр "метрологиялык кызмат тарабынан белгиленген тартипте текшерилбеген жана белги салынбаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 296-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"296-статья. Анын ылайыктуулугун ырастабастан продукциянын техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен мыйзамсыз маркалоо
Анын ылайыктуулугун ырастабастан продукциянын техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен мыйзамсыз маркалоо -".
15. 307-статьяда:
аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"307-статья. Ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга жаткан импорттук продукцияны ылайыктуулук сертификатысыз же ылайыктуулук жөнүндө декларациясыз жөнөтүү жана сатуу
Ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга жаткан импорттук продукцияны ылайыктуулук сертификатысыз же ылайыктуулук жөнүндө декларациясыз жөнөтүү жана сатуу -";
2-абзацында "товарды конфискациялоо менен" деген сөздөр алып салынсын.
16. 412-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"412-статья. Ченөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууда ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы техникалык регламенттердин жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
Ченөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууда ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы техникалык регламенттердин жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу:
1) ченөө каражаттарын ташууда, сактоодо жана пайдаланууда (эксплуатациялоодо) техникалык регламенттердин талаптарын бузуу, эгерде бул продукциянын бузулушуна же ченемден ашык жоготууларга алып келсе;
2) тибин бекитүү жол-жобосунан же метрологиялык аттестациядан өтпөгөн, ошондой эле текшерилбеген ченөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу, -
кызмат адамдарына - бештен жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - бурмаланган ченөө каражаттарын алуу менен жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
17. 453-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"453-статья. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө, ташууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу
Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө, ташууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу, -".
18. 540-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"540-статья. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы
Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы ушул Кодекстин 288, 289, 290, 290-1, 296, 410, 412-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылууну көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басары;
- ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылууну көзөмөлдөө боюнча аймактык органдардын башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |