Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-январы № 10
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча концепцияны иштеп чыгат жана бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетунун алкагында анын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.".
2. 14-статьянын 1-бөлүгү "кенчтер" деген сөздөн кийин ", археологиялык табылгалар" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 31-статьянын 2-бөлүгү "эстеликтер" деген сөздөн кийин "жана археологиялык табылгалар" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 40-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;".
2-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |