Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 15-декабрындагы N 210 (15) Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 21-январы № 15
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 153-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Жашыруундулук даражасы - жашыруун маалыматтардын орчундуулугун, аларга жол берүүлөрдү чектөө даражасын жана анын мамлекет тарабынан коргоо деңгээлин мүнөздөгөн категория.".
2. 10-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Текшерүү иш-чараларынын көлөмү алар менен иштөөгө уруксат берилүүчү маалыматтардын жашырындуулук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын жашырындуулугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырлар менен иштөөгө жол берилүүчү төмөнкү үч формасы белгиленет: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтар. Жарандарда жашырындуулуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтар менен иштөө үчүн жетимдүүлүктүн болушу, алардын төмөнкү даражасындагы жашыруун маалыматтар менен иштөөсүнө жол берүү үчүн негиз болуп саналат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө жол берилген жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:
- ага иштөөгө жол берилген маалыматтардын жашыруундуулук даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;
- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөргөндө режимдик-жашыруун бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жумуш орундарында калууга артыкчылыктуу укук. Көрсөтүлгөн категориядагы кызматкерлерди дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
3. 11-статьянын 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар, атайын кылмыш жасагандык үчүн шектүү, айыпталуучу, соттолуучу катары тартылгандар, ошондой эле аларда бул кылмыштары үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу болгондор;";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- анкеталык маалыматтарга билип туруп мамлекеттик сыр менен иштөөгө жол берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган кабарларды көрсөткөндөр;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- эки жарандуулугу барлар.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |