Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-январы № 17
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 186-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "экиден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 193-статьянын экинчи абзацындагы "экиден беш" деген сөздөр "ондон элүү" деген сөздөр менен; "бештен он" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 509-статьяда "жана 186, 191-195-статьялар" деген сөз жана сандар ", 191, 192, 194, 195" деген сандарга алмаштырылсын.
4. 534-1-статьядагы "185," санынан кийин "186, 193," деген сандар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |