Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-январы № 19
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган";
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстин 2-бөлүгүндө:
- ", Кыргызпатенттин директору дайындаган" деген сөздөр алып салынсын;
- "тартибин Кыргызпатент аныктайт" деген сөздөр "тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "билдирмелерди" деген сөз "өтүнмөлөрдү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында, фирмалык аталыштарды укуктук коргоо боюнча Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш иштейт, ал фирмалык аталыштар боюнча келип чыккан талаштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат. Апелляциялык кеңеш тарабынан каршы пикирлерди кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 4-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фирмалык аталыш - бул ушул аталыштын алдында өз ишин жүзөгө ашырган жана аны башка юридикалык жактан айырмалаган юридикалык жактын туруктуу толук же кыскартылган аталышы.";
мамлекеттик тилдеги текстин 4-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Фирмалык аталыш катарында өзүнүн фамилиясы же болбосо анын ысымы менен айкалышы пайдаланылышы мүмкүн.";
- экинчи сүйлөмүндө:
"Эгерде" деген сөздөн кийин "дал" деген сөз менен толукталсын;
"алмашып кетиши мүмкүн болгон" деген сөздөр "аралашып кеткен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- 1, 2, 9-13 жана 15-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункт "анын" деген сөздөн кийин "же анын мураскорлорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунда "башка ээлик кылуучулардын жалпыга белгилүү товардык белгилер" деген сөздөр жалпыга белгилүү товардык белгилери," деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктунда "Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу жана белгилүү болгон чет өлкөлүк юридикалык жактардын" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө:
- 3-пунктунда "төп келсе" деген сөздөр "дал келгендер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) белгилүү коммерциялык эмес уюмдардын аталыштары менен дал келгендер же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшоштор;
5) иштин бирдей же окшош түрлөрү үчүн - Кыргызпатентте катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштарга дал келгендер, же аралашып кетүү деңгээлине чейин аны менен окшоштор;";
- 7-пунктунда "төп келген же алмашып кетүү" деген сөздөр "дал келген же аралашып кетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктунда "адаштыруучу" деген сөз "адашууга алып келүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Фирмалык аталыштарды укуктук коргоо
Кыргыз Республикасында фирмалык аталышты укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аны мамлекеттик каттоонун негизинде, ал эми каттоосу жок чет өлкөлүк жактын фирмалык аталышына карата - чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жүгүртүүнүн катышуучусу катары ишин жүзөгө ашыра баштаган датадан тартып пайда болот.".
5. 7-статьяда:
расмий тилдеги текстинде:
4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- документ подтверждающий вид деятельности юридического лица;";
мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышында "билдирме" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө "билдирмеси" деген сөз "өтүнмөсү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө:
- "Билдирме" деген сөз "Өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "ишнимдүү" деген сөз "ишенимдүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-бөлүгүндө "Табыштама жана табыштамага" деген сөздөр "Өтүнмө жана өтүнмөгө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин көрсөтүү менен, фирмалык аталышты каттоого арызын;
- сунуш кылынган фирмалык аталышын жана анын сыпаттамасын.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- юридикалык жактын ишинин түрүн тастыктоочу документ;
- фирмалык аталышты бергендиги жана экспертизадан өткөргөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;
- юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү;
- талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү.
Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө Кыргызпатент тарабынан бекитилген талаптарга ылайык берилет. Өтүнмө бергендиги жана каттоого берилген аталышка экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө патенттик алым (мындан ары - алым) төлөнөт.
Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча каттоо каралып жаткан анын бардык этаптарында кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.".
6. 8-статьяда:
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышында "аталыштардын" деген сөз "аталыштын" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө "аталыштардын" жана "билдирменин" деген сөздөр "аталыштын" жана "өтүнмөнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 9-статьяда:
6-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштар боюнча мамлекеттик жалпы реестринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестринин (мындан ары - Реестр)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө "анын алымды төлөгөн шартында, билдирме" деген сөздөр "алым төлөнгөн шартта, өтүнмө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: -
"Ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча, суроо-талапты алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде болгон кемчиликтерди четтетүү үчүн, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт.
Жүйөлүү себептер болгон учурда, белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнүч кат боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү эки айга узартылышы мүмкүн.";
- 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, анда өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет жана бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабар берилет.
Кыргызпатент фирмалык аталышка экспертиза жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактын мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун, Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринин жана башка булактардын маалыматтарын пайдаланат.".
8. Мамлекеттик тилдеги тексттин 10-статьясында:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө боюнча чечим кабыл алганга чейин өтүнмө ээси фирмалык аталыштарды каттоого өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.".
2-бөлүгүндө:
- "Эгер фирмалык аталыштарды каттоодогу билдирмедеги материалдарга" деген сөздөр "Эгерде фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "көрсөтүлгөндөй" деген сөз "каралган" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө алым төлөнүүгө тийиш, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурда, фирмалык аталышка жаңыдан экспертиза жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнөт.".
9. 11-статьяда:
3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине (мындан ары - реестр)" деген сөздөр "Реестрге" деген сөзгө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышында "Фирмалык аталыштарды каттоо боюнча чечим" деген сөздөр "Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө "келишкен учурда" жана "арыздануучуга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "келген учурда," жана "өтүнмө ээсине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ал боюнча оң чечим чыгарылган фирмалык аталыш менен бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгиге карата өтүнмө конвенциялык же көргөзмө артыкчылыгы менен түшүп, ал боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыккан болсо, анда фирмалык аталышка чыгарылган чечим жоюлат.".
10. 12-статьяда:
расмий тилдеги статьянын аталышында жана текстинде "реестр" деген сөз "Реестр" деген сөзгө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги статьянын аталышында "киргизилген" деген сөз "киргизилүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын.
11. 13-статьяда:
1-бөлүгүндө "5-статьясынын жана 26-статьясынын 5-15-пункттарынын" деген сөздөр "5-статьясынын 5-8, 14-пункттарынын жана 26-статьясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө "арыздануучуга" деген сөз "өтүнмө ээсине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "Аппеляциялык" деген сөз "Апелляциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "Арыздануучу" деген сөз "Өтүнмө ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 14-статьяда:
расмий тилдеги аталышында жана 1, 4 жана 5-бөлүктөрүндө "реестр" деген сөз "Реестр" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө "арыздануучунун" жана "көрсөтүлгөн" деген сөздөр "өтүнмө ээсинин" жана "караштырылган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнүч катты канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө билдирүү 7 күндүк мөөнөттө өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.";
4-бөлүгүндө "Табыштамачынын күнөөсү жок кетирилген" деген сөздөр "Өтүнмө ээсинин күнөөсү боюнча эмес жол берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 15-статьяда:
расмий тилдеги статьянын текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "реестр" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Реестр" деген сөзгө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
"маалымат" деген сөз "маалыматтар" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья "Кыргызпатент" деген сөздөн кийин "тарабынан" деген сөз менен толукталсын;
"жарыялайт" деген сөз "жарыяланат" деген сөзгө алмаштырылсын.
14. Мамлекеттик тилдеги тексттин 16-статьясында "өтүнмө" деген сөз "өтүнүч каты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 17-статьяда:
расмий тилдеги 2-бөлүгүндө "реестр" деген сөз "Реестр" деген сөзгө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө "укук" деген сөз "укукту" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Күбөлүктүн формасы Кыргызпатент тарабынан бекитилет.".
16. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу
Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкүдөй токтотулат:
- фирмалык аталыштын өзгөчө укугунан күбөлүк ээсинин баш тарткан арызы боюнча;
- юридикалык жак жоюлган же анын фирмалык аталышы өзгөргөн учурда;
- эгер ал сотко даттанылбаган учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча;
- соттун чечими боюнча.
Юридикалык жактын иши токтотулган учурда, юридикалык жактарды каттоочу тиешелүү органдар алар тиешелүү маалыматты алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө бул тууралуу Кыргызпатентке кабарлайт.".
17. 19-статьяда:
расмий тилдеги 2-бөлүгүндө "реестр" деген сөз "Реестр" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Фирмалык аталышка өзгөчө укук";
1-бөлүгүндө "Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу" деген сөздөр "Фирмалык аталышка өзгөчө укук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүгүндө "артыкчылык" деген сөз "өзгөчө" деген сөзгө алмаштырылсын;
6-бөлүгүндө "укуктуу", "руксат" жана "шартталышы мүмкүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "укук", "уруксат" жана "шартталууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-бөлүгүндө "каттаткандыгы" деген сөз "каттагандыгы" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. Мамлекеттик тилдеги тексттин 20-статьясында:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "20-статья. Фирмалык аталышка өзгөчө укуктун бузулушу";
2-бөлүгүндө "алмаштырып алуу" жана "белгилемени" деген сөздөр "аралашып кетүү" жана "белгини" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "артыкчылык укугу" деген сөздөр "өзгөчө укук" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. Мамлекеттик тилдеги тексттин 21-статьясында:
аталышында "аталыштарды" деген сөз "аталышты" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фирмалык аталышты пайдалануу деп төмөндөгүлөр эсептелет:";
- алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кожоюн өндүрүп чыгарган экспонаттарды көрсөтүүдө жарнактарда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө фирмалык аталышты колдонуу;
- фирмалык аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу.".
20. 22-статьяда:
расмий тилдеги тексттин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "с даты принятия решения" деген сөздөр "с даты его получения" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
1-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмүндө "Бардык кызыкдар юридикалык жак" жана "Аппеляциялык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Юридикалык кандай гана кызыкдар жак болбосун" жана "Апелляциялык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимин алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттануусу мүмкүн.";
3-бөлүгүндө "талаш" деген сөз "талаштар" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 23-статьяда:
1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүндө "Кыргызпатент тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "чечим кабыл алынган күндөн баштап алты айдын аралыгында" деген сөздөр "чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышында "Аппеляциялык" жана "пикир" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Апелляциялык" жана "пикирлер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Апелляциялык кеңеш төмөнкү каршы пикирлерди карайт:";
2-бөлүгүндө "Аппеляциялык" жана "аныкталат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Апелляциялык" жана "белгиленет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. Мамлекеттик тилдеги тексттин 24-статьясында "Аппеляциялык" жана "аталыштарды" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Апелляциялык" жана "аталышты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. Мамлекеттик тилдеги тексттин 25-статьясында:
1-бөлүгүндө "орчундуу аракеттер көрсөтүлсө" деген сөздөр "мааниси бар аракеттер ишке ашырылгандыгы үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "Көрсөтүлгөн аракеттер боюнча алым алуунун тизмеси," деген сөздөр "Аларды ишке ашыруу үчүн алым төлөнө турган аракеттердин тизмеси," деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "баардыгы" жана "демдендирүүгө" деген сөздөр "бардыгы" жана "шыктандырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. Мамлекеттик тилдеги тексттин 26-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн аталышына өзгөчө укукту ушул Мыйзамда каралган тартипте алууга укуктуу. Мында өтүнмө юстиция органдарында каттоодон өткөндөн кийин Кыргызпатентке берилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдун аталышы корголууга жөндөмсүз деп табылган учурда, Кыргызпатент каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, мында ал аталышка өзгөчө укук келип чыкпайт.".
25. Мамлекеттик тилдеги тексттин 27-статьясында:
3-бөлүгүндө "өткөрүүнүн Мамлекеттик" деген сөздөр "өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |