Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 3-февралы № 24
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;";
8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;";
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;".
2. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"9) коргоону уюштурууга жана Куралдуу Күчтөрдү курууга көз караштардын биримдиги;
10) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын улануучулугу;
11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу.".
3. 6-8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, коргоо жана мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин алып баруучу мамлекеттик органдардын бирикмелеринен жана бөлүктөрүнөн, Улуттук гвардиядан турат.
Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын экономикалык кызыкчылыктарын куралдуу коргоо жана кайтаруу;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана аскердик абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтаруу;
9) ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
2. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат, алардын катарына кризистик кырдаалдарды чечүү кирет.
Эскертүү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн кризистик кырдаалдар дегенде куралдуу козголоң; этностор аралык чыр-чатактар; аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу тосмолоо, басып алуу, табигый жана технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар түшүнүлөт.
7-берене. Куралдуу Күчтөргө жетекчилик
1. Кыргыз Республикасын коргоого жана Куралдуу Күчтөрүнө жогорку жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы) - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Төрагасы (мындан ары - Коргоо кеңеши) жүзөгө ашырат.
2. Коргоо кеңеши коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык консультативдик орган болуп саналат.
Коргоо кеңешинин иштөө тартиби Мыйзам менен белгиленет.
3. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого жана колдонууга түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы) жүзөгө ашырат, ал аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.
Аскердик же өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.
4. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген, коргоо маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган ишке ашырат, жетекчинин ыйгарым укугуна тиешелүү маселелер боюнча анын буйруктары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.
8-берене. Куралдуу Күчтөрдү жайгаштыруу
1. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин жайгаштыруу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын сунушу боюнча коргоо милдеттерине жана жайгашуу ордунун социалдык-экономикалык шарттарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан аныкталат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн (мекемелерин) Куралдуу Күчтөрдүн колдонуусуна берилген жерлердин чектеринде кайра жайгаштырууну Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги жүзөгө ашырат.".
4. 10 жана 11-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Куралдуу Күчтөрдү колдонуу
1. Куралдуу Күчтөр жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген аларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу, мобилизациялык жайгаштыруу жана аймактык коргоо пландары боюнча колдонулат.
2. Терроризмге каршы күрөшүү, куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү, табигый жана технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, укук коргоо органдарынын, башка аскердик түзүлүштөрдүн күчтөрү жана каражаттары аларды чечүү үчүн жетишсиз болгон учурда адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон кризистик кырдаалдын алдын алуу жана жоюу үчүн чараларды ыкчам кабыл алуу максатында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө сунуш менен Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына токтоосуз баяндама жасап, Куралдуу Күчтөрдүн айрым аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн колдонуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
3. Эл аралык келишимдерге ылайык милдеттерди аткаруу үчүн Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Куралдуу Күчтөрдү ички мамлекеттик саясий максаттарга жетүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
11-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот;
2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт, Кыргыз Республикасына агрессия болгон же түздөн-түз агрессиянын коркунучу учурунда согуштук абалды жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында аскер абалын жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
4) согуштук абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт;
5) согуш аракеттерин жүргүзүүгө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө директива чыгарат;
6) согуштук убактын ченемдик актыларын колдонууга киргизет жана алардын колдонулушун токтотот, согуштук убактын мамлекеттик органдарын түзөт жана жоет;
7) Коргоо кеңешин жетектейт, Коргоо кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринасын бекитет;
9) аскердик коопсуздукту камсыз кылуу, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, коргоо кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо пландарын, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү мобилизациялык жайгаштыруу схемасын бекитет;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аракеттеринин кызыкчылыгында аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, экономиканы, калкты, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, аймактарды мобилизациялык даярдоо программаларын (пландарын) жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча башка программаларды бекитет;
11) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө жобону жана аны башкаруу схемасын бекитет;
12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары үчүн аскердик кийимдердин формасын жана аларды кийип жүрүү эрежелерин аныктайт;
13) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн тууларынын жана желектеринин жоболорун жана сүрөттөлүшүн бекитет;
14) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жогорку офицердик курамдын адамдары дайындалуучу кызмат орундардын тизмегин белгилейт;
15) жогорку аскердик наамдарды ыйгарат;
16) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө, мобилизациялоо боюнча жана аларды запаска бошотуу жөнүндө жарлыктарды чыгарат;
17) коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
18) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү анын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
19) Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
5. 13-15-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
2) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн абалы жана комплектелиши үчүн жоопкерчилик тартат;
3) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат;
4) коргонуу чыгымдары боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет;
5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техникалар менен жабдууну, аларды материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну уюштурат;
6) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын (пландарынын) аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо адистиктери боюнча жарандарды даярдоону финансылык жана материалдык каражаттар менен камсыз кылат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыз кылат;
8) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерди (запастарды) топтоо пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
9) аскердик каттоо тартибин аныктайт жана аскердик кызматка, аскердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууга тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын контингенттери жөнүндө Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына сунуштарды даярдайт;
10) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, уюмдарды мобилизациялык даярдоого, ошондой эле транспортту, байланышты жана өлкөнүн калкын даярдоого жетекчиликти жүзөгө ашырат;
11) аскердик-транспорттук милдеттер, резервдик түзүлүштөр, чакыруу участокторуна жарандарды каттоону жүргүзүү, аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жөнүндө жоболорду бекитет;
12) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилиндеги (өзгөчө мезгилдеги) шарттарда иштөөгө өткөрүү пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
13) коргоо кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу иш-чараларын пландайт, камсыз кылат жана өткөрөт;
14) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн муктаждыктары үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) коргоо муктаждыктары үчүн алардын мүлктөрүн пайдалануу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары тарткан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
16) аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра профилдештирүү жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
17) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык керектөөлөрүнө ылайык жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелерин аныктайт;
18) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде камтылган коргоо маселелери боюнча милдеттенмелерди аткарууну берилген ыйгарым укуктарынын чегинде уюштурат;
19) аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
20) куралдарды жана аскердик техниканы, коргоо объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага тапшыруу, сатуу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин белгилейт;
21) куралдардын жана аскердик техниканын, стратегиялык материалдардын, коргоо жаатындагы алдыңкы технологиялардын жана кош арналыштагы продукциянын экспортуна жана импортуна контролду уюштурат;
22) аскердик жана аскердик-техникалык маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, аскердик коркунучтун деңгээлин өз ара төмөндөтүү жана жамааттык коопсуздук тутумун түзүү боюнча чараларды аныктайт;
23) аймактык коргоонун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат;
24) аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жаатында башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкү маселелерди чечүү үчүн белгиленет:
1) коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукцияны өндүрүү жана берүү;
2) экономиканы мобилизациялык даярдоо, согуш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
4) аймактык коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоого катышуу;
7) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте ыкчам жана мобилизациялык даярдоо;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка милдеттер.
15-берене. Коргоо маселесин тескеген мамлекеттик органдын негизги ыйгарым укуктары
Коргоо маселесин тескеген мамлекеттик орган:
1) аскердик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) бирдиктүү аскердик-техникалык саясатты жүргүзөт, коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
3) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдардын бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин ар тараптуу камсыз кылууну уюштурат;
4) аскер мыйзамдарын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
5) аскердик кадрларды даярдоону ишке ашырат;
6) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштурат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, каза болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечет.
2. Коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчиси:
1) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн пландарын (программаларын) иштеп чыгууну уюштурат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде алардын жүзөгө ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
2) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу тапшырыктарын түзүүдө коргоого жумшалуучу чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
3) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
4) коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат;
5) Куралдуу Күчтөр үчүн кадрларды даярдоону камсыз кылат;
6) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну ишке ашырат;
7) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын башкармалыктарынын, бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына аскердик наамдарды ыйгарат;
8) резервдик түзүлүштөрдү даярдоону жана камсыз кылууну пландоого катышат;
9) Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү планын иштеп чыгат;
10) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын аскердик убакыттын шарттарында (өзгөчө мезгилдин) иштөөгө которуу пландарын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
11) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
12) жерлерди, токойлорду, сууларды жапа башка жаратылыш ресурстарын Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгы үчүн берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
13) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана жарандарынын коргонуу муктаждыгы үчүн пайдаланылган мүлктөрүнө байланыштуу алар тарткан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
14) коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн контролду ишке ашырат;
15) Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялоо муктаждыгына ылайык аскердик продукция чыгарган мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу боюнча, ошондой эле жарандарды аскер кызматына даярдоо маселеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
16) берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде коргонуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерди аткарууну уюштурат;
17) аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
18) куралдарды жана аскер техникаларын, коргонуу объектилерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүүнүн, ижарага берүүнүн, сатуунун, жоюунун жана эсептен чыгаруунун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
19) ички аудит боюнча ишти уюштурат;
20) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде куралдарды жана аскер техникаларын, стратегиялык материалдарды, коргонуу чөйрөсүндөгү алдыңкы технологияларды жана кош арналыштагы продукцияларды экспорттоо жана импорттоо үчүн контролду уюштурат;
21) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аскердик жана аскердик-техникалык маселелер боюнча, мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө, согуштук коркунучтун деңгээлин өз ара төмөндөтүү жана жамааттык коопсуздук тутумун түзүү боюнча чаралар жөнүндө эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
22) аскердик наамдарды ыйгаруунун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
23) Куралдуу Күчтөр үчүн аскердик кийимдердин түрлөрүнүн бирдей стандарттарын жана аларды кийүүнүн эрежелерин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Коргоо маселесин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат аны жарандык адам ээлеши мүмкүн.".
6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын ыйгарым укуктары
1. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы:
1) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн башкаруу тутумун уюштурат жана Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарын жана бөлүктөрүн түздөн-түз башкарат;
2) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу, мобилизациялык жайгаштыруу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын; мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында ыкчам жабдуу, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын аймагын коргоо жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо пландарын иштеп чыгат;
3) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куруу, мобилизациялык жапа ыкчам жайгаштыруу, колдонуу, Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу, аймактык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу пландарына ылайык жүргүзүлүүчү иш-чараларды уюштурат жана камсыз кылат;
4) Куралдуу Күчтөрдү куруу жана өнүктүрүү пландарын (программаларын), улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринаны, Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууга катышат;
5) мамлекетти коргоого кетүүчү чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
6) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын бирдиктүү тутумун уюштурат, алардын абалын контролдоону ишке ашырат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы жана саны боюнча, ошондой эле аймактык коргоонун күчтөрү жана каражаттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
8) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын жетекчилиги алдында биргелешкен аракеттер үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штабдарын ыкчам даярдоону уюштурат;
9) аскердик кызматты өтөө тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдөгү кадрдык саясатты ишке ашырат;
10) аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты орнотуучу күчтөрдүн курамындагы бөлүкчөлөрдүн курамы, саны, материалдык-техникалык камсыз кылуу жана каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана коопсуздук кызыкчылыгында чалгындоо ишин жүзөгө ашырат;
12) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин коопсуздугун, маанилүү мамлекеттик, аскердик жана башка объекттерди абадан кол салуудан калкалоону камсыз кылат;
13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу Планына ылайык, башкаруунун автоматташтырылган тутумдарын киргизүү аркылуу байланышты жана кабарлоону уюштурууну жетектейт;
14) Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө маалыматтык, моралдык-психологиялык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландайт жана уюштурат, алардын натыйжалуу аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
15) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштердин уюштурулушун пландайт жапа ишке ашырат, Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана аскердик жашыруун сырды сактоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
16) Куралдуу Күчтөрдү топографиялык камсыз кылууну ишке ашырат;
17) аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин коопсуз учууларын камсыздайт; Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды жана авиациялык окуяларды иликтөөгө катышат;
18) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдарынын, аскердик техникаларынын жана транспорт каражаттарынын коопсуз пайдаланылышын уюштурат;
19) коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдар менен биргеликте эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын иш-чараларын жүзөгө ашырат;
20) терроризм менен күрөшүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык коргоону жана жарандык коргонууну уюштурууда Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенет;
21) мамлекеттик материалдык резервде ыкчам-стратегиялык корлорду түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
22) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчылары үчүн кийимдердин аскердик формасы жана аларды кийүүнүн эрежелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
23) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кол алдындагы кошуундарга, бөлүктөргө жана мекемелерге финансылык, техникалык, ооруктук камсыз кылуунун башка түрлөрүн жана материалдык каражаттардын аскердик корлорун жана Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмүн түзүүнү ишке ашырат;
24) өзүнүн компетенциясынын чегинде Куралдуу Күчтөрдүн жана ага баш ийген кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чарбалык жана башка иштерди уюштурат жана жүргүзөт.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, мобилизациялык жайгаштыруу пландарын; коргоо, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу, Кыргыз Республикасынын аскер коопсуздугун камсыз кылуу пландарын берет;
2) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоо планын бекитет;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипке ылайык Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына аскердик наамдарды ыйгарат;
4) контракт боюнча аскердик кызматты өтөө тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларга ылайык адамдарды кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын чечимдери Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин ыйгарым укуктарынын чегинде анын буйруктары жана директивалары менен ишке ашырылат, алар ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылуучу Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.".
7. 16-беренеде:
8-пункттагы "жарандык жана аймактык коргоо" деген сөздөр "аймактык коргоо жана жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) резервдик түзүлүштөргө аскерге милдеттүүлөрдү тандоого, каттоого катышуу, аларды даярдоону уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоого;";
9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жарандык коргонууну жана аймактык коргоону уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабына киргизүүгө;".
8. 17-берененин 2-пунктундагы "коргоо" деген сөз "коргонуу" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 18-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "жарандык жана аймактык коргоо" деген сөздөр "аймактык коргоо жана жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 21-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасын аймактык коргоого резервдик түзүлүштөр, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, мамлекеттик органдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылат.".
11. 22-берененин расмий тилде аталышындагы жана берилген аталышындагы жана редакциясындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "оборона" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "защита" деген сөз менен алмаштырылсын.
12. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Коргоону каржылоо
Коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун демилгелесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |