Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 3-февралы № 25
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына - элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, кызмат адамдарына - жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-1 - 213-6-статьялар менен толукталсын:
"213-1-статья. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу
Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды эл аралык макулдашуулар менен каралган уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-2-статья. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө
Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-3-статья. Эл аралык байма-бай эмес жүргүнчү ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмесинин жок болушу
Эл аралык байма-бай эмес жүргүнчү ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга, - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-4-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан калктуу пункттар ортосунда автомобилдик ташуулардын чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан ишке ашырылышы
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан калктуу пункттар ортосунда автомобилдик ташуулардын чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан ишке ашырылышы -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-5-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмакгабариттик нормаларын сактабоо
Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмакгабариттик нормаларын сактабоо -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, -
жарандарга - транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-6-статья. Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузуу
Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан, менчиктин түрүнө карабастан, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузуу, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 234-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "ички иштер органынын кызматкеринин" деген сөздөр "ички иштер органынын жана автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 262-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборлорунун жана башка коомдук сууга түшүү жайларынын аймагында чарбалык субъектилер тарабынан, суу аттракциондорун коопсуз иштетүү, суу транспортун ижарага берүү, пляждык зонада сууда сүзүп жүрүүчү каражаттарды база кылуу ченемдеринин талаптарын бузуу -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын 1-бөлүгү "151-157" деген сандардан кийин "213-5-статьянын экинчи бөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 516-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"516-статья. Автомобиль жана суу транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 169, 211-213, 213-1, 213-6, 215, 217, 222-статьяларында, 234, 259-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:
- жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык, шаар аралык, эл аралык автомобиль транспортунун жана электр транспортунун контролдоочу-текшерүүчүлөрү;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук жана аймактык башкармалыктарынын начальниктери жана алардын орун басарлары;
- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инспекторлору;
- автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.".
7. 518-1-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасынын он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
9. 564-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) мамлекеттик чек ара аркылуу жана стационардык ички посттордон өткөрүү пункттарында ачыкталган, эл аралык макулдашуулар жана транспорттук мыйзамдар бузулганда - автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |