КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-февралы № 31
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 272-1 - 272-3-статьялар менен толукталсын:
"272-1-статья. Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана (же) анын чегинен тышкары алып кетүү эрежелерин бузуу
Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана (же) анын чегинен тышкары алып кетүү эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн алтымыш өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүздөн үч жүз элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн алтымыш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
272-2-статья. Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана (же) өндүрүү, жана (же) сатуу, жана (же) сатып алуу, жана (же) сертификациялоо эрежелерин бузуу
Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана (же) өндүрүү, жана (же) сатуу, жана (же) сатып алуу, жана (же) сертификациялоо эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жетимиш өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз элүүдөн төрт жүз өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жетимиш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
272-3-статья. Оперативдүү издөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзүү жана маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды сактоо
Мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан оперативдүү издөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзүү жана маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын жана техникалык каражаттарды мыйзамсыз сактоо, -
жеке жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиштен жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статьянын 1-бөлүгү "271," деген сандан кийин "272-1 - 272-3," деген сандар менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын отуз биринчи абзацында "390-статьянын" деген сан жана сөз "272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын.
4. VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы жүз он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттар - мүнөздөмөлөрү, функциялары, конструкциялык өзгөчөлүктөрү жана касиеттери маалыматты жашыруун алуу үчүн жарактуулугун жана арналгандыгын аныктоочу кандай болбосун техникалык каражаттар, аппараттар, приборлор, түзүлүштөр жана башка буюмдар (анын ичинде турмуш-тиричилик буюмдарына жашырылган); зымсыз байланыш үн белгилерин жана акустикалык маалыматты басуу үчүн каралган техникалык каражаттар, түзүлүштөр, жабдуулар; ызы-чуу, виброакустикалык, акустикалык, электрмагниттик кедергилерди чыгаруучу техникалык каражаттар; маалыматты издөөнү, кармоону жана табууну жашыруун алып коюу түзүлүштөрү; кыйыр электрмагниттик нурланууларды жана багыттоолорду өлчөөнүн жана табуунун автоматташтырылган комплекстери, ошондой эле жабылуучу түзүлүштөрдү ачуу үчүн техникалык каражаттар жана приборлор.".
2-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүүнүн жана анын чегинен тышкары алып кетүүнүн, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификациялоонун, сатуунун жана сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана анын чегинен тышкары төмөнкүлөрдү алып кетүүгө, транзитке, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга уруксаттарды контролдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат:
- шифрлөө каражаттарын жана аларга карата ченемдик-техникалык документтерди;
- маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды.".
2. 16-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пункту "жайгаштырыш үчүн" деген сөздөрдөн кийин "убактылуу кармоочу изоляторлорду жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 19-статьяда:
2-бөлүгүндө "Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары менен аныкталат " деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-бөлүгүндө "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары менен аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 21-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын "Оперативдүү-иликтөө жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |