Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 18-берененин 2-бөлүгү "жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле колдонуудагы мыйзамдардын мониторингинин жана аларга баа берүүнүн натыйжалары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 22-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"ченемдик укуктук актынын иштелип чыккан долбоору жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүндө мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматты;".
3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар;".
4. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-берене менен толукталсын:
"33-1-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушунун мониторинги жана натыйжалуулугуна баа берүү
1. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) алардын колдонулушунун натыйжалуулугун жана үзүрдүүлүгүн табуу максатында алар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жүзөгө ашырууга көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
3. Алардын колдонулушунун төмөнкү натыйжалуулугу жана үзүрдүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн кыйла натыйжалуу жөнгө салуучу жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ар бир конкреттүү ченемдик акты менен ченемдик укуктук актылардагы өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жана ишкердик ишти укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин өткөрүүнүн жана аларга баа берүүнүн туруктуу негизи, ачык-айкындуулугу жана объективдүүлүгү.".
2. 3-берененин 2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"бизнес-жамааттын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ченемдик укуктук базанын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берет;";
төртүнчү абзац "ушул Мыйзамда" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердикти жөнгө салуунун натыйжалуулугу" деген сөздөр менен толукталсын;".
3-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 4-беренени кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |