Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 20-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
156-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«(5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |