Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-февралы № 37
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9. 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 39-4-статья менен толукталсын:
"39-4-статья. Автомобиль жолдорун куруу. ондоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим
Автомобиль жолдорун куруу. оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.
Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.
Кепилдик мөөнөттүн чектеринде анын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген көтөрмөчүнүн күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча иштер буткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт.
Эскертүү. Кепилдик мөөнөт - автомобиль жолунун участогун куруу. ондоп куруу жана оңдoo боюнча иштерди аткарган котормочу буюртмачыга автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелерин сактоо шартында мындай иштердин сапатынын коюлган талалтарга ылайык келишине кепилдик берген убакыттын мезгили.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |