Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 137
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 15-декабрындагы № 295-б буйругу менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Маданов өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 16-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|