Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 15-марты № 50
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.
1. 167-берене төмөнкүдөй мазмундагы 42 жана 43-пункттар менен толукталсын:
"42) диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы. сыйлык акылары, компенсациялары жана башка компенсациялоочу жана кызыктырууну мүнөздөгү төлөмдөрү түрүндөгү кирешелери;
43) жеке адамдардын диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн ажылык зыяратты уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелери.".
2. 189-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери;".
3. 231-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) диний каадаларды. ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".
4. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине таркатылары белгиленсин.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацынын жоболорунун колдонулушу 2014-жылдын 1-январына чейин келип чыккан салыктык укук мамилелерине таркатылары белгиленсин жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ