Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-марты № 51
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 17-статьяда:
2-бөлүгүндө:
- "шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун жазык ишинде адвокаттын катыштыгы бардыгын ырастаган документтин (ордер-тапшырманын)" деген сөздөр "жазык ишинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун тарабында адвокаттын катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документтин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "мүмкүн болушунча" деген сөздөр алып салынсын;
эскертүүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 19-статьяда:
3-бөлүгүндө:
- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Цензураны жүзөгө ашыруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок эки күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок он күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн";
4-бөлүгүндө "дароо" деген сөз "дароо (бир сааттан кечиктирбестен)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьянын 1-бөлүгү "айыпкерлерге" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 23-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шектүү же айыпкер катуу ооруп калган учурда, камакта кармоо жайынын администрациясы бул факты белгиленген учурдан тартып токтоосуз (бир сааттан кечиктирбестен) бул жөнүндө анын жакын туугандарына кабарлайт; өлгөн учурда туугандарынан тышкары көзөмөлдөөчү прокурорго кабарландырат, ал бул фактыга текшерүү жүргүзөт.".
6. 24-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "салмактары" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 28-статьянын 6-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде аял камакта кармоо жерлеринде белгиленген тартипти үч жолудан көп бузса же бала жөнүндө дайыма камкордук көрбөсө, камакта кармоо жайынын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга же болбосо балдар мекемелерине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч козгойт.";
экинчи сүйлөмүндө "эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 31-статьянын 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөндөгү кылмыштарды жасоодо шектүүлөр жана айыпкерлер: адам өлтүрүү; байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка билип туруп оор жаракат келтирүү; ВИЧ-инфекциясын жуктуруу; зордуктоо; сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракети; каракчылык; терроризм; барымтага алуу; мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү уюштуруу же ага катышуу; бандитизм;".
9. 36-статьянын 4-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө колдонулат.".
10. 47-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор көзөмөл жүргүзүшөт" деген сөздөр "көзөмөлдү прокуратура органдары жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |