Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 28-марты № 53
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле радиациялык коопсуздук жатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.".
2. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.".
3. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик ченемдештирүү
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдештирүү санитардык эрежелердин жана ченемдердин, гигиеналык ченемдердин, радиациялык коопсуздук эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, эмгекти коргоо эрежелеринин маселелерин өзүнө камтыган тиешелүү техникалык регламенттер жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.".
4. 9-статьянын 2-бөлүгүндө "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик уюмдар менен" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1 ) калктын, айлана-чөйрөнүн радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
4) өз компетенциясынын чектеринде радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо, анын ичинде:
a) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаны кабыл алуу;
б) радиоактивдүү булганган зоналарда калктын жашоосунун өзгөчө режимдерин киргизүү;
в) жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн жогорку тобокелдиги жана алардын мүлкүнө радиациялык таасир көрсөтүү менен шартталган зыян келтиргендик үчүн компенсациялардын түрлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин белгилөө;
г) радиациялык кырсыктын натыйжасында жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын жана алардын мүлкүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин белгилөө.".
6. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
1. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) күчтүү радиоактивдүү булганууга дуушар болгон объекттерде радиациялык коопсуздуктун абалына эксперттик баа берүү;
3) радиациялык кырсыктардын келип чыгуу коркунучтары болгон учурда ыкчам иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
4) тиешелүү аймактардагы радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо;
6) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларын калыбына келтирүү боюнча реабилитациялык программаларды радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык иштеп чыгуу;
7) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.
2. Саламаттыкты сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө боюнча гигиеналык нормативдерге, эрежелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды макулдашуу;
4) тиешелүү аймактагы радиациялык жагдай менен шартталган саламаттык абалы жөнүндө калкка маалымдоо;
5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдайды контролдоо жана калктын нурлануу дозасын эсепке алуу;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлердин жана кен таштандыларынын абалын контролдоо.
3. Экология жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булганышынын мониторинги;
3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды. мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
4) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо
4. Геология жана минералдык ресурстар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды ишке ашырууга көмөктөшүү;
2) өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө кен профилиндеги иштердин долбоорлорун экспертизалоо;
3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу тоо-кен казып алуучу өндүрүштүн уюмдарын, мекемелерин тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу.
5. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык кырсыктын натыйжасында нурланууга туш болгон калкка жардам көрсөтүүнү контролдоо;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын сакталышына контролдоону жүзөгө аткаруу;
4) уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлердин радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларынын абалын контролдоо;
6) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды, мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
8) радиоактивдүү материалдарды тиешелүү аймакка алып келүүнү, аларды тиешелүү аймактын чегинен тышкары алып кетүүнү жана алардын транзитин контролдоо.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык кырсыктардын болуу коркунучу жана алардын кесепеттерин жоюу учурунда ыкчам иш-чараларды жүргүзүү;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын ишин экономикалык стимулдаштыруу жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ведомстволук аймактарда уюштуруу.
7. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында радиациялык контролдоо жүргүзүү кирет.".
7. 13-статьянын он биринчи абзацында 'жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 18-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык кырсыктан жана анын кесепеттеринен коргоо боюнча иш-чаралардын планы;".
9 19-статьянын үчүнчү абзацында "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзгөн мамлекеттик бийлик органдарын" деген сөздөр "өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 25-статьяда "радиациялык коопсуздук жагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзгөн атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |