Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 3-апрели № 54
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезитинин № 1 тиркемеси, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-3-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Аскер кызматчыларынын статусу
Аскер кызматчыларынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана анын негизинде чыккан мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, мамлекет тарабынан кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле милдеттердин жана жоопкерчиликтердин жыйындысы.
Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен аскер кызматынын шарттары менен шартталган чектөөлөр менен пайдаланышат. Аларга конституциялык, башка жалпы жарандык, ошондой эле аскердик-кызматтык милдеттер жүктөлөт.
Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч ким укуксуз.
Жалпы жарандык укуктарды чектөөлөр, ошондой эле аскер кызматчыларына кошумча укуктарды берүү жана аларга аскер кызматынын шарттары менен шартталган кошумча милдеттерди берүү ушул Мыйзамда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталат.
Согуш убагында, мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2-статья. Аскер кызматчыларынын статусу бар адамдар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам мекен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларынын статусуна ээ.
СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган жана КМШга катышкан-мамлекеттерде аскердик кызматты улантып жаткан, аскердик кызматтан бошотулгандан кийин туруктуу жашай турган жери катары Кыргыз Республикасын тандаган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарга жана социалдык кепилдиктерге ээ болушат.
СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматты улантып жаткан аскер кызматчылары 1993-жылдын 1-январынан кийин үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн шартта Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды жана кепилдиктерди пайдаланышат.
3-статья. Аскер кызматчыларынын статусуна ээ болуу жана андан ажыроо
Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматына (ыктыярдуу тартипте же контракт боюнча кирген) же жыйынга чакырылган күндөн тартып аскер кызматчыларынын статусуна ээ болот.
Аскер кызматынан бошотулганда (аскер бөлүгүнүн тизмесинен чыгарылган күндөн тартып) же жыйындар аяктаганда аскер кызматчыларынын статусунан ажырашат.
Аскер кызматына чакыруу (кирүү) же жыйындарга чакыруу, ошондой эле аскер кызматынан (жыйындардан) бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматчыларынын статусу төмөнкү учурларда аскер кызматчыларында сакталып калат:
эгерде алар мында аскердик антты бузбаса жана Кыргыз Республикасынын алдында кылмыш жасабаса, барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгондо. Мында мамлекеттик бийлик органдары жана аскердик командачылык көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын эл аралык укуктун ченемдерине ылайык бошотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;
аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин дайынсыз жоголгондо.
Аскер кызматчыларынын статусунун чектеринде жарандарга берилген саясий жана социалдык укуктар аларды аскер кызматынан бошоткондон кийин да аларда сакталып калат.".
2. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу же аны аткарбоо шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Зарыл болгондо аскер кызматчысы командирдин (начальниктин) буйругу боюнча же өз демилгеси боюнча кандай убакытта жана кандай жерде болбосун өз милдеттерин аткарууга киришүүгө тийиш.".
3. 5 жана 6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер аскер кызматчыларынын статусунун укуктук негизин түзөт.
6-статья. Саясий укуктар жана эркиндиктер
Аскер кызматчылары болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.
Аскер кызматчыларына мамлекеттик жана аскердик сырды, ошого тете кат жазышуу, телефон менен сүйлөшүү жана телеграфтык билдирүү сырларын сактаган шартта сөз жана басма сөз эркиндигине, ынандыруу эркиндигине жана аларды эркин билдирүүгө кепилдик берилет.".
4. 7-статьяда.
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчысы динге мамиле жасоо жүйөлөрү боюнча аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана динге карата тигил же бул мамилесин пропагандалоо үчүн өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланууга укуксуз.'';
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Аскердик бөлүктүн аймагында диний бирикмелерди (мекемелерди) түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт.".
5. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Инсандын кол тийбестиги
Аскер кызматчысына инсандык кол тийбестикке кепилдик берилет.
Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары менен ыйгарым укук берилген адамдарды кошпогондо, аскер кызматчыларынын кызматтык ишине эч ким кийлигишүүгө укуксуз.
Аскер кызматчыларын кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү жана зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, алардын өмүрүнө, ден соолугуна, ар-намысына, беделине, турак жайына, мүлкүнө кол салуу, ошого тете алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланышкан укуктарын буза турган жана кемсинткен башка аракеттер (аракетсиздик) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Аскер кызматчылары мыйзамдарда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер боюнча жана тартипте гана кармалышы же, анын ичинде тартип жазасы катары камакка алынышы мүмкүн.
Аскер кызматчылары аскердик кызматын өтөп жаткан аскер бөлүгү жайгашкандан башка жерде кармалгандыгы жөнүндө аскердик башкаруу органдарына токтоосуз кабарландырылат.".
6. 9-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жарандарга аскердик кызматта жүргөн убагы мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат стажына, эгерде адистиги боюнча иштесе адистиги боюнча иш стажына кошулат.";
2-бөлүгүндө "Климаттык шарты оор жана жагымсыз жерлерде" деген сөздөр "Бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчылары аскер кызматынын шартына, квалификациясына, аскердик кесибине, аскердик наамына жана аскер кызматында болуу узактыгына жараша мамлекеттин эсебинен акча менен камсыз болууга укуктуу. Мында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын ээлеген кызмат орундары боюнча маяналардын эң аз өлчөмү Кыргыз Республикасындагы орточо эмгек акыдан төмөн болушу мүмкүн эмес.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-14-бөлүктөр менен толукталсын:
"Барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгон бардык убакка аскер кызматчыларына бардык укуктар жана кепилдиктер, анын ичинде акыркы ээлеген кызмат орду боюнча акчалай камсыз болууларды төлөп берүүлөр аскер кызматчыларын туткунга же барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары кармоонун жагдайлары толук такталганга же алар бошотулганга же болбосо алар мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылганга же каза болгон деп жарыяланганга чейин сакталып калат.
Аскер кызматчылары дайынсыз жоголгон учурда, аларда аскер кызматчыларынын статусу сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларында аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин аскер кызматчыларынын жубайларына же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө төлөнүүчү (берилүүчү) акчалай камсыз болуулар, материалдык жана камсыз кылуунун башка түрлөрү сакталып калат.
Тергөө органдары же сот тарабынан белгиленген аскер кызматчысынын бөлүктү өз алдынча таштап кетүү же качуу фактысы камсыз болуунун көрсөтүлгөн түрлөрү менен камсыз кылууну токтотууга негиз болуп саналат.
Катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларына кийинки кызмат өтөө мөөнөтүнө контракт узартылган учурда, акчалай күтүү маяналарынын эки өлчөмүндө, ал эми андан кийин ар бир жолу контракт түзүүдө акчалай күтүү маяналарынын беш өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Кадыр-баркты кетирүүчү негиздерди кошпогондо, катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары бошотулган учурда, көрсөтүлгөн адамдар 10 жана андан көп жыл иштеген шартта башка жөлөкпулдарга кошумча акчалай күтүүнүн беш маянасын алышат."'.
8. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Аскер кызматчыларынын эс алууга укугу
Аскер кызматчылары эс алуу укугуна ээ.
Бул укук жумасына 40 сааттан ашпаган кызмат убактысын белгилөө, жумалык эс алуу күндөрүн, майрам күндөрүн, ар жылдык жана башка акы төлөнүүчү отпускаларды, ошондой эле эс алуу жана тамактануу үчүн күнүмдүк тыныгууларды берүү менен камсыз кылынат.
Кызмат убактысынын узактыгы жана бөлүштүрүлүшү аскер бөлүгүнүн күн тартиби жана аскер бөлүгүнүн (бөлүмдөрүнүн) күжүрмөн даярдыгын такай камсыз кылуунун талаптарына ылайык контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын убактысынын регламенти менен аныкталат.
Кызмат жумалыгынын узактыгы мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчылары, аскер-окуу жайларынын (окуу борборлорунун) угуучулары (курсанттары) жана окутуучулар курамы үчүн - бир дем алыш күнү бар алты күндүк; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан калган аскер кызматчылары үчүн - эки дем алыш күнү бар беш күндүк болуп белгиленет.
Күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылууга байланыштуу машыгуулар, күжүрмөн ок атуулар жана башка иш-чаралар кызмат убактысынын жалпы узактыгы чектелбестен жуманын кайсы күнүндө болбосун план боюнча кыйшаюусуз өткөрүлөт.
Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тартылган контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына жуманын башка күндөрүндө ушундай эле узактыктагы дем алыш берилет же алардын каалоосу боюнча бул күндөр кезектеги отпускка кошулат.
Отпускту өткөрүүчү жерге баруу жана кайтып келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебестен аскер кызматында болуунун жалпы узактыгына, аскер кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына жараша ар жылдык отпусктун узактыгы: аскер кызматында 10 календардык жылдан кемдерге - 30 сутка, 10дон 15 жылга чейинкилерге - 35, 15тен 20 жылга чейин - 40, 20 жана андан ашык жылга - 50 сутка белгиленет.
Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын өтүнүчү боюнча негизги отпуск аларга бөлүп-бөлүп берилиши мүмкүн.
Кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемесин аяктаган аскер кызматчыларына негизги отпуск көрсөтүлгөн билим берүү мекемесин аяктагандыгы боюнча берилет.
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына адъюнктурага, аскердик докторантурага кирүү экзамендерине даярдануу жана кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине өтүүдө кирүү экзамендерин жана аларда окуп жаткан мезгилде экзамендерди тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте окуу отпускалары берилет.
Илимий даражалардын изденүүчүлөрү болуп саналган, контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте чыгармачылык отпускалар берилет.
12-статья. Турак жайлар менен камсыз кылынууга укугу, жер участокторуна акы төлөө
Аскер кызматчылары турак жайлар менен мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте камсыз кылынат.
Аскер кызматчыларына (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары) жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчысы кызмат ордуна келгенден тартып мыйзамдардын талаптарына жооп берүүчү турак жайлар берилет. Турак жайлар ошол региондогу калк үчүн кабыл алынгандан кем эмес ченемдер боюнча мамлекеттин фонддорунан бөлүп берилет. Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү туруктуу турак жай алганга чейин кызмат орду боюнча (аскер бөлүгүнүн дарегине, убактылуу жашаган дарек боюнча) каттатышат. Аларга кызматтык турак жайлар берилет же кызмат орду боюнча убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Үй-бүлөсү бар жогорку аскер-окуу жайларынын курсанттары үй-бүлөлүк жатаканаларга жайгаштырылат, ал эми мындай жатаканалар жок болгон учурда аларга убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Жашы, оорусу, штаттарды кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска бошотулган же отставкага чыгышкан контракттык кызматтын аскер кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жайлар менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынат. Мында офицерлерди кошпогондо, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын турак жайлар менен камсыз кылуу эгерде алар 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн шартта көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу мезгилинде майып болушкан жана ушуга байланыштуу аскер кызматынан бошотулган аскер кызматчыларына турак жай аянты тандап алган жери боюнча кезексиз берилет.
Полковник, ага теңдеш жана жогору наамдагы аскер кызматында турган, запаска же отставкага бошотулган офицер курамындагы адамдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, аскер-окуу жайларынын окутуучу-аскер кызматчыларына, окумуштуу даражасы бар аскер кызматчыларына колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген өлчөмдөгү кошумча турак жай аянты берилет.
Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмекке ылайык бийик тоолуу райондорго, алыскы жана барууга кыйын зоналарга аскердик кызмат өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн алар ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обочолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тышкары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында турак жай аянтын брондоонун башка негиздери да кошумча каралышы мүмкүн.
Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира) курууну жүзөгө ашырган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кызматчылары жеңилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу.
Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алууга финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын төлөөдө 15 календардык жыл ичинде аскер кызматын кынтыксыз жана үзгүлтүксүз өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, 20 календардык жыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт.
15 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына алар запаска же отставкага бошогондон кийин жашай турган калктуу пункттарда турак жай-курулуш (турак жай) кооперативдерине кирүү укугу берилет.
Аскер кызматчылары (мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынан тышкары), ошондой эле аскер кызматынан жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк абалы жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн адамдар жерге ижара акысын төлөөдөн бошотулушат.
Жашы, ден соолугу, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге жашоого тандап алган жеринде алар ээлеп турган же аларга берилген мамлекеттик квартиралар жеке менчикке бекер берилет.
2 жылдык мөөнөткө запастан кыска мөөнөттүк аскер кызматына чакырылган, ошондой эле 3 жылга чейинки мөөнөткө контракт боюнча аскер кызматына кабыл алынган офицерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө алар запастан аскердик кызматка аныкталганга чейин ээлеген турак жайы бул кызматты өтөөнүн бүткүл мезгилине сакталып калат. Алар турак жай аянтын алуу тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес.
Мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларына алар кызматка чакырылганга чейин ээлеп турушкан турак жайы сакталып калат жана алар турак жай алуу кезегинин тизмесинен чыгарылышы мүмкүн эмес. Эгерде үй-бүлөнүн курамында өз алдынча эмгек акысы бар адамдар болбосо, мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү алар ээлеп турган турак жайы үчүн колдонуудагы мыйзамдар тарабынан белгиленген учурдагы квартира акысынын эң аз ставкасы боюнча төлөнөт.
Ушул статьяда каралган турак жайга болгон укуктар бузулган учурда аскер кызматчылары, аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү алардын мыйзамдуу укуктарын канааттандыруу жана зыян келтирилген учурда ордун толтуруу жөнүндө тиешелүү аскер башкармасынын органына же башка мамлекеттик органга доо коюу менен сотко кайрылуу укугуна ээ.
Турак жайлар менен камсыз болгон аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик орган менен турак жай жалдоо келишимин түзөт. Келишимде турак жайды берүү, аны күтүү жана бошотуу тартиби аныкталат. Келишимди түзүү шарты жана тартиби аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Эгерде алар мамлекет тарабынан турак жай менен камсыз кылынган болсо, аскер кызматчыларын бир мамлекеттик органдан башкасына которууда мындай аскер кызматчылары турак жай шарттарын жакшыртуу учурларынан тышкары, жаңы кызмат өтөө орду боюнча турак жай алууга талапкер боло алышпайт.
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жана аскердик кызматта календардык эсептөөдө 10 жана андан көп жыл иштеген жылдары бар аскер кызматчылары турак жай алууга, жеке турак жай курууга зайым алуу жолу, анын ичинде курулушка үлүштүк катышуу жолу менен турак жайга укугун ишке ашыра алышат.
Аскердик кызматынын календардык узактыгы 20 жана андан көп жылды түзгөн, аскердик кызматтан бошотулуп жаткан убакта турак жай менен камсыз болбогон офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер бошотулуунун алдында акыркы аскердик кызмат өтөгөн орду боюнча турак жай алууга (турак жай шартын жакшыртууга) кезекке тургандардын тизмесинен алардын макулдугу жок чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыз болушат.
Аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандардын ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун формаларда турак жайга болгон укугун ишке ашыруусу, аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандарынын мамлекеттик турак жай менен камсыз кылууга байланышкан мындан аркы укуктук мамилелерин токтотот.
Аскердик кызматтын милдеттерин аткарган мезгилде, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоодо, жамааттык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда же тынчтыкты сактоочу операцияларга кагышууда, ошого тете эле жаратылыш кырсыктарынын, катастрофалардын жана авариялардын кесепеттерин жоюуда майып болгон жана ушуга байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан тандап алып жашаган жери боюнча биринчи кезекте турак жайга укугун ишке ашырышат.
Эскертүү. Аскер шаарчасы - аскердик бөлүктү (мекемени) квартирага айландыруу жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу бир жер участогунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу пункттарда жайгашкан өткөрмө тутуму бар аскердик бөлүктөрдүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу пункттардан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет.
13-статья. Саламаттык сактоо укугу жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Аскер кызматчылары, ошондой эле аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматына милдеттүүлөр санитардык-гигиеникалык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, ден соолуктун абалына туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, медициналык бөлүмдөрдө, бөлүктөрдө жана мекемелерде медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу саламаттык сактоо укугуна ээ.
Аскер кызматчылары амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн милдеттүү түрдө жыл сайын өтүшөт.
Аскер жыйындарында жүргөн аскер кызматчыларын жана аскер кызматына милдеттүүлөрдү өздөрүнүн кат түрүндөгү макулдугусуз жана ден соолукка тийгизген таасиринин мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын ала түшүндүрүүсүз аларга тажрыйба, эксперимент жана башка илим-изилдөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салынат. Изилдөөгө алынгандын талабы боюнча ар кандай этапта жана анын ден соолугуна коркунуч келип чыккан учурда эксперимент токтотулат.
Аскер кызматчылары жана аскер жыйындарында жүргөн жарандар акысыз медициналык жардам алууга, акысыз дары-дармектер, медициналык арналыштагы буюмдар менен аскердик-медицина мекемелеринде камсыз болууга укуктуу. Аскер кызматы жеринде жана аскер кызматчылары жашаган жерде аскердик-медицина мекемелери, аларда тиешелүү бөлүмдөр, же болбосо атайын медициналык жабдуулар жок болсо, ошондой эле, шашылыш учурларда медициналык жардам алардын ведомстволук таандыгына карабастан, саламаттык сактоо жайларында акысыз көрсөтүлөт. Аскер кызматчыларына жана аскер жыйындарында жүргөн жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын чыгымдары көрсөтүлгөн саламаттык сактоо мекемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнүп берилет.
Аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыз кылуу аскер кызматкерлери менен бирдей жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматынан бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) жана 20 жыл жана андан ашык иштеген аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жаракаттын (контузиянын), травманын же майыптыктын же болбосо аскер кызматында болуу менен байланышкан оорулардын кесепетинен майып болуп бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан саламаттык сактоонун аскердик жана жарандык уюмдарында акысыз медициналык жардамга укуктуу.
Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары) жылына бир жолудан ашык эмес аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда жеңилдетилген шарттарда 12 күндүн ичинде санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн аскер кызматчылары жолдомонун наркынын - 25 пайызын, ал эми алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 50 пайызын төлөшөт.
Аскердик санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда жана туристтик базаларда санаторийлик-курорттук дарылануу укугу 20 жыл жана андан ашык иштеген контракттык кызматтын бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) аскер кызматчыларына жолдомонун наркынын 50 пайызын төлөө менен сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жолдомонун наркынын - 75 пайызын төлөшөт.
Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда алардын ден соолугуна зыян келтирилген учурда аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда зыяндын ордун толтуртуу укугуна ээ.".
9. 14-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Катардагы, сержант жана старшина курамдарындагы кызмат орундарында турган контракттык кызматтын аскер кызматчылары орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына 10 жыл ичинде үзгүлтүксүз аскер кызматын өтөгөн шартта өткөн учурда окуу үчүн акы төлөө мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.'';
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик кызмат ордун өзгөрткөндө, ошондой эле алар аскердик кызматта болуунун чектүү жашына чыккандыгы, деп соолугунун абалы боюнча же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулганда, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окугандар (тарбиялануучулар) жаңы аскердик кызмат ордуна же жашаган жерине жакын билим берүү мекемесине которулууга укуктуу.
Аскер кызматчыларынын балдарына алардын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жайкы ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде орундар биринчи кезектеги тартипте берилет.".
10. 15-статьянын 3-бөлүгүндө "офицер курамынын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 16-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ээлеген кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Аскер кызматчылары аскердик кызматынан бошотулганда аскер кызматчыларында ыйгарылган аскердик наамдары сакталат. Жасаган кылмышы үчүн жаза катары сот тарабынан аскердик наамынан ажыратуу колдонулган учурларды кошпогондо, аскер кызматчылары ыйгарылган аскердик наамдарынан ажыратылышы мүмкүн эмес.".
12. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кызмат орундарын ээлөөгө жана кызмат боюнча которулууга укугу
Аскер кызматчысы:
кызматтык квалификациясына, аскердик наамына жана кызматтык ишинде жетишилген натыйжаларга ылайык кызматтарды ээлөөгө;
өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
аскер кызматчысынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча, бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда белгиленген кызмат мөөнөттөрүн өтөгөндүгү боюнча кызматтан которулууга укуктуу.
Аскер кызматчылары ошондой эле кызматтан көтөрүлүү укугуна ээ. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары бул укукту, эреже катары альтернативдик (сынактык) негизде ишке ашырышат.".
13. 18-статьянын 2-бөлүгүндө "Офицер курамындагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана ашык мөөнөттүк аскер кызматчылары" деген сөздөр "Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 20-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Балдарын атасыз (энесиз) тарбиялап жатышкан аскер кызматчылары үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты коргоо жөнүндө мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланышат.";
4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 21-статьяда:
1-бөлүгүндө "Офицер курамынын, прапорщиктердин, мичмандардын жана ашык мөөнөттүк аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "Эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңештери" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Аскердик кызматынын милдеттерин аткарууда курман болушкан аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнүн балдары башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларына сынактан тышкары кирүүдөн пайдаланышат.".
16. 22-статьянын 6-бөлүгүндө "аскер же эл сотуна" деген сөздөр "аскердик же райондук (шаардык) сотко" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Аскер кызматчыларын аскер кызматы менен шартталган укуктарда чектөөлөр
Аскер кызматчылары аскердик кызматынын мүнөзүнө жана шарттарына жана алардын кызматтык милдеттерин аткаруу өзгөчөлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген төмөнкү укуктарда чектелет:
аскер кызматчылары иш таштоо укугуна ээ эмес;
аскер кызматчылары кесиптик бирликтердин мүчөлөрү боло алышпайт;
аскер кызматчыларына жеке ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат;
аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында аныкталуучу тартипте эс алуу убактысы чектелиши (кызмат убактысы көбөйтүлүшү) мүмкүн;
мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окууга уруксат берилбейт;
аскер кызматчыларына аскер бөлүктөрүнүн жайгаштырылуучу шарттарына байланыштуу жашаган жерин тандоо жана жер которуп жүрүү эркиндиги чектелген;
аскер кызматчыларына саясий партиялардын мүчөсү болууга же саясий партиялардын жана саясий максаты бар уюмдардын ишине катышууга, ошондой эле кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгууга жол берилбейт;
аскер кызматчылары башка өлкөнүн жараны боло алышпайт, ал эми аскердик кызматтагы мезгилинде башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кызматтан бошотулууга жатат;
аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Бири-бири менен жакын туугандар (ата-энелери, балдары, жубайлары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелери) болуп саналган аскер кызматчылары (мамлекеттик кызматчылардын иши), эгерде кызмат өтөөсү (иши) алардын бири экинчисине түздөн-түз баш ийүүгө же контролдоого байланышкан болсо, аскердик кызматты бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) өтөөгө жол берилбейт.
Укуктарын жана эркиндиктерин башка чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган учурларда жана тартипте жол берилиши мүмкүн.".
18. 26-статьяда ", аскердик уставдар жана башка укуктук актылар" деген сөздөр алып салынсын.
19. 27-статьяда:
3-бөлүгүндө "офицер курамындагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана ашык мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчылары" деген сөздөр "контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик кызматтан бошотулган жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.
Аларды укуктук коргоо чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган камсыз кылуунун материалдык жана башка түрлөрүн кошуп алганда, аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктер ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары аркылуу жокко чыгарылышы же андан башкача төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.
Аскер кызматчыларына коюлган милдеттерди кандай гана шарттарда болбосун, анын ичинде өмүр үчүн тобокелдик менен кыйшаюусуз аткаруунун зарылдыгына байланышкан Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого карата даярдык боюнча милдеттер жүктөлөт. Аскер кызматчыларына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.".
20. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги
Аскер кызматчылары же аскер жыйындарына чакырылганда жарандар жасаган укук бузуулардын мүнөзүнө жана оордугуна жараша колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык, жарандык-укуктук жана жазык жоопкерчиликтерине тартылышат.
Аскер кызматчылары аскердик наамына жана кызмат абалына карабастан мыйзам алдында бирдей.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |