Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 11-апрели № 56
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 400-3-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "туура эмес" деген сөздөрдөн кийин "же толук эмес" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 415-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу
Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын - мамлекеттик архивдерди толуктоонун булактарынын статистикалык отчетту бербөөсү, -
юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берүүдөн баш тартканда, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Штатта мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишкананын, мекеменин архивинин иштөөсү үчүн жооптуу кызматкердин жоктугу, -
кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтерди сактоонун мыйзамда белгиленген шарттарынын жоктугу, -
кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын, өздүк курам боюнча иш өндүрүшүн жана документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу, -
кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү жана илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу, көрсөтмөлөрдүн тизмелерин түзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, -
кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайра уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архивдик документтерди укук мураскерине же андай жок болгондо жогору турган уюмдун архивине же болбосо тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүү боюнча чаралар көрүлбөгөндө, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын документтерди, анын ичинде жана аудиовизуалдык документтерди белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге өткөрүп берүүдөн баш тартышы, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнө тиешелүү документтерди мыйзамсыз сатып алуу-сатуу жана башка мыйзамга каршы бүтүмдөр, -
жарандарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 416-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 543-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- областтык мамлекеттик архивдердин жетекчилери жана алардын орун басарлары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |