Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 21-апрели № 62

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

67-статьянын 6-бөлүгүндө "кылмыш жасаган" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ушул Кодекстин 292-, 303-статьяларында жана 304-статьянын 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев