Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 23-апрели № 63
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына тиркеме, 1992-жылдын августу, № 1) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Аскер кызматчылары кандын жана анын компоненттерин берген күнү аскердик кызмат милдеттерин аткаруудан бошотулуу укугуна, ошондой эле кандын жана анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча эс алуу күнүн алуу укугуна ээ.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |