Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 23-апрели № 63
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Донор болуп эсептелген аскер кызматчысына кан же анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күнү берилет.".
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына тиркеме, 1992-жылдын августу, № 1) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Аскер кызматчылары кандын жана анын компоненттерин берген күнү аскердик кызмат милдеттерин аткаруудан бошотулуу укугуна, ошондой эле кандын жана анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча эс алуу күнүн алуу укугуна ээ.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 23-апрели № 63
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)